Өкмөт ун эки эсе кымбаттаганы тууралуу маалыматты четке какты

Өкмөттүн басма сөз кызматы ундун эки эсе кымбаттаганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт деген билдирүү таратты. Мурдараак, ундун баасы эки эсе кымбаттап кеткени тууралуу парламенттин депутаты Айнура Алтыбаева билдирип чыккан. Ундун кымбаттап кетишине өлкөнүн түштүгүндөгү ишкерлер да даттанышкан.

Бирок өкмөт унга болгон баа жогорулап кеткенин моюнга алды. Басма сөз кызматтын маалыматы боюнча, өлкө боюнча биринчи сорт ундун бир килограммына болгон орточо баа 2018-жылдын октябрына салыштырмалуу 23,7 сомдон 28,1 сомго чейин көтөрүлгөн. Экинчи сорт ундун баасы 17,7 сомдон 20,3 сомго чейин жогорулаган.

Мындан тышкары, басма сөз кызматтан Кыргызстандын аймактары боюнча ар кайсы сорттогу 50 килограмм ундун баасын да келтиришти.

«Келтирилген баалардын анализи унга болгон чекене баанын эки эсе жогорулашы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей тургандыгы боюнча кабар берет», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамагенттигинин директору Шухрат Сабиров өкмөттүн отурумунда билдиргендей, ун социалдык жактан маанилүү товарлардын тизмегине кирет жана аларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн.

«Эгер товардын наркы 30 күндүн ичинде 20% ашуунга өсүп кетсе гана мамлекет кийлигише алат. Ал эми унга болгон баа өлкө боюнча акыркы бир айда 3,5% өскөн, айрым райондордо баанын 17% өсүшү аныкталган», — деп билдирди Шухрат Сабиров.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бийлик өкүлдөрү Оштогу ундун баасынын кымбатташын көзөмөлдөйт