Бишкекте баңгизат жарнамалаган баннер алынды

Борбор калаада илинген жарнама

Материал 21-ноябрда саат 12:00дө жаңыртылды

ИИМден баңгизат жарнамаланган көрнөк алынып салынганын билдиришти. Билборд калаанын борборунда, Чүй-жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде илинип турган болчу.

Баннерге QR код менен сайттын аталышы бастырылган — алар баңгизат жана чегүүчү кошундулар бар болгон онлайн дүкөнгө алып барат. Мындан тышкары, баңгизаттардын арасында мефедрон, МДМА, «кристаллдар», «туздар» жана башкалар бар.

Милиция баңгизатты жарнамалаган баннер кайдан пайда болгонун жана эмне үчүн ага уруксат беришкенин териштирип жатат.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынан жарнама менен сайттын өзүн изилдеп жатышканын билдиришти — алар бөгөттөлөбү же жокпу азырынча белгисиз. Эгер кызмат мында мыйзам бузууну аныктаса, анда окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталмакчы.

Мэрия шаарда баңгизаттарды жарнамалоо фактысы боюнча кеңешме өткөрдү.

Баңгизаттарды сатуу боюнча инстаграмдагы баракча адамдарды мелдеш оюнга катышууга үндөгөн. Башкы байгелер — смартфондор, кол сааттар жана Appleдын сымсыз кулакчындары болгон.

Учурда баңгизат сатуучулардын инстаграм барагында баңгизат каражаттарын сатуу тууралуу посттордун баары өчүрүлгөн. Бирок жүздөгөн колдонуучулар мелдеш оюнуна катышууга үлгүрүп калышкан.

Ал тургай, кээ бирөөлөр билборд менен балдардын сүрөтүн чогу жайгаштырышкан. Мындан тышкары, көптөгөн колдонуучулар комментарийлерде өз досторун белгилеп, баракты жигердүү бөлүшүшкөн.

Баңгизаттын жарнамасын 7-ноябрда «Вечерний Бишкек» гезити да өз сайтында жайгаштырган. Кийинчерээк жарнаманы өчүрүп, баннерде баңгизаттын жарнамасы бар экенин биринчилерден болуп аныктаган.

Гезиттин сайтындагы өчүрүлгөн жарнаманын скриншоту

Гезит «Клоопко» курган маегинде комментарий берүүдөн баш тарткан — материал жарык көрөөр алдында гезиттин жарнама бөлүмүндө техникалык жумушчусу гана бар болгон.

Буга чейин Казакстандын «Тенгриньюс» басылмасы да мындай билборддор Алматынын борборунда илинип турганын, бирок кийинчерээк алынганын маалымдап чыккан. Алматанын полиция департаменти бул баннерлерди орноткон буйрутма ээсин жана компанияны аныктаган. Аларды жакынкы убакта таап, мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартууну убадалашкан.

Мурдараак Борбор Азия өлкөлөрүндөгү көптөгөн атактуу блогерлер мелдеш оюнунун жарнамасын социалдык тармактардагы өз барактарына жарыялашып, бирок кийин төгүнгө чыгарышкан.