Бир кадр менен: Бишкектеги кара түтүндүн көлү

Сүрөтчү Сэм Бараталиев Кой-Таш айылынын аймагында туруп Бишкектин үстүн сүрөткө тарткан. Бийиктен тоонун артында көл бардай сезилет. «Эмне тээтиги жактагы көлбү?» — деп сурашты сүрөтчүдөн чет элдик достору.

Бирок ал көл эмес, ал Бишкектин үстүндө калкыган кара түтүн. Учурда Бишкекте аба ушунчалык бузулгандыктан, ал ден соолук үчүн кыйла эле зыян. Шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.

Бишкектин абасында онкологиялык оорулардын чыгышын шарттаган формальдегид абдан көп. Абада башка да зыяндуу кошулмалардын концентрациясы жогору.

Бишкектеги аба ден соолугуңузга кандай таасир этээри жөнүндө окуңуз.