Бишкектин милициясы өспүрүм кызды секс кызматтарын көрсөтүүгө мажбурлаганга шектелген үч адамды кармады. Алардын баары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин Бишкек ШИИБи Каракол шаарында белгисиз эки адам 16 жашар кызды уурдап, Бишкекке алып келип, көмүскө жайда сойкулукка мажбурлаган деп маалымдаган. Бирок бул ишке шектүү катары үч аял киши кармалган. Өспүрүм кызды уурдагандар кармалдыбы же жокпу — азырынча муну тактоо мүмкүн боло элек.

Өспүрүм кызды сойкулукка мажбурлаган деп шектелгендер. Сүрөт: Бишкек ШИИБи

Өспүрүм кыз кармалып турган сойкукана сыртынан дубалдары бийик болгон кадимки үйдөй көрүнөт. Ал үй Ош базарында жайгашкан.

Милициядан имарат каралып чыгып, жабылганын билдиришти.

Белгисиз адамдар психикалык жактан оорулуу кызды уурдап, Бишкектеги сойкуканага алып келгени эки аптадан кийин гана белгилүү болгон. Ушул убакыт бою кызды сойкулукка мажбурлап, кыйноого алышкан — сойкукананын кожоюну аны сабап, зордуктап, тамак-ашты чектеп берип турган. Анын кармалып-кармалбаганы тууралуу да азырынча белгилүү эмес.

Кыздын айтымында, бир күндө 20дай адам келип турган жана аны аларга секс кызматтарын көрсөтүүгө мажбурлашкан.

Кыздын мобилдик телефонун сойкукананын кожоюндары алып алышкан. Сойкуканага келгендердин бирөөсү өспүрүм кыз туугандарына жардам сурап кайрыла алышы телефонун берип, кийин качып кетүүгө жардамдашкан.

Өспүрүм кыздын үй-бүлөсү дароо милицияга кайрылып, зордуктоо фактысы боюнча арыз жазган. Кийинчерээк үй-бүлө укуктук клиниканын юристтеринин жардамы менен дагы бир арыз жазган.

Юристтердин айтымында, ИИМ алардын мыйзамсыз уурдоо, адамды күч менен кармоо жана телефон уурдоо фактылары боюнча арызын көп убакыт бою этибарга албай, зордуктоо фактысы боюнча гана тергөө жүргүзүп келишкен.

«Аталган фактылар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “сойкулукка тартуу” жана “адам уурдоо” беренелери боюнча Ленин райондук ИИБинде бирдиктүү реестрге катталган жана [бул беренелер] боюнча сотко чейинки бардык тийиштүү өндүрүштөр жүрүп жатат, бардык керектүү соттук-медициналык, биологиялык жана психологдук-психиатриялык экспертизалар дайындалган», — деп билдиришти ИИБден.