Кытайдын Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан чыккан короновирустан 80дей адам каза таап, 2 миңден ашуун адамга жукканы маалымдалды. Оорунун жугушун токтотуу үчүн кытай бийлиги 22-январда 11 млн калкы бар Ухань шаарын жаап, дагы 10 шаарында карантин жарыялады.

Мекызматкерлер Уханьда оору жуктургандарды ооруканага жеткирип жатышат. 17-январь. Сүрөт: Getty Images, лицензия Creative Commons

Буга байланыштуу бардык авиа каттамдар белгисиз убакытка жылдырылып, поезд жана коомдук транспорттор токтотулду. Элдерге болсо коомдук жайларга барбоо сунушталып, дайыма маска тагуу талабы коюлду. 25-январда Кытай Жаңы жылды белгилегенине карабастан көпчүлүк массалык майрамдык иш-чаралар өткөн жок.

Жаңы вирусту жуктуруу учурларынын дээрлик баары Кытайдын аймагында катталганы менен башка дагы өлкөлөрдө ооругандар аныкталды. Анын ичинде Тайланд, Вьетнам, Сингапур, Япония, Малайзия, Түштүк Корея, Тайвань, Непал, Франция, АКШ, Австралия, Франция бар. Мындан тышкары, Орусияда бир нече адам вируска шектелип ооруканага жаткырылды.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, белгисиз вирус жайылганы тууралуу маалымат Кытайда 2019-жылдын 31-декабрында пайда болгон, бирок оорунун белгилерин алып жүркөндөр тууралуу маалымат декабрдын башында эле тараган.

Ыкчам штаб

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин сайты

Кыргызстанда Кытайда чыккан вируска байланыштуу жагдайды көзөмөлдөө үчүн 25-январда ыкчам штаб түзүлдү. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын адистери кирген. Өкмөттөн билдиришкендей, ыкчам штабдын мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү менен байланышта болуп турушат.

Кыргыз өкмөтү Кыргызстандын аймагында жаңы вируска чалдыккандар жок деп маалымдады. Ошондой эле эгерде аталган оору аныкталып калса анда үч палата даярдалганы айтылат. Дарыгерлер үчүн да вирустан коргонуу каражаттары сатылып алынганы жана изолятор бар болгону кабарланды.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова «Азаттыка» короновирус жайылган Ухань шаарында 5 кыргызстандык бар болгонун жана алардын саламаттыгы жакшы экенин маалымдады. Азырынча аларды мекенине алып келүү маселеси көтөрүлө элек.

Коңшу Казакстанда ата-энелер мамлекеттен Уханда окуп жаткан балдарын алып келүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнүшүүдө. Жалпыга маалымдоо каражаттары алардын саны 100гө жакын экенин кабарлашты. Ал эми бийлик өкүлдөрү вируска каршы вакцина жоктугунан аларды эвакуация кылуу мүмкүн эмес дешти. Бирок Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов вирус чыккан шаардан 30 студентти алып келүүнү убадалады.

Вирустан коргонуу иш-чаралары

Коронавирусту өлкөгө алып келүүгө жол бербөө жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасынын бардык өткөрмө-көзөмөл жайларында, Бишкек жана Ош шаарларынын аэропортторунда тепловизорлор орнотулду. Аталган жабдык адамдын дене табын өлчөйт. Вирустун симптомдору сасык тумоонукуна окшош деп айтылууда. Адистер Кытайдан жана үчүнчү өлкөлөрдөн келген бардык адамдарды тепловизорлор менен текшерип жатышат.

Кыргызстан менен Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан чектешкен чек ара бекеттеринде 11 санитардык-карантин пунктары тынымсыз иштеп жатат. Өкмөттөн учурда Кыргызстан менен Казакстандын чек ара бекеттеринде да санитардык-карантин пунктарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды. 27-январдан тарта аталган пункт «Акжол», «Актилек», «Чалдовар» жана «Дунларов көпүрөсү» өткөрмө-көзөмөл бекеттеринде да иштеп баштайт.

Буга чейин Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кытайдан эт жана эт азыктарын ташып келүүгө убактылуу чектөө киргизген. Жагдайга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Кытайга барууга камданып жаткан жарандарды сак болууга, сунуш кылынган чараларды, анын ичинде коргоочу бет каптарды милдеттүү түрдө колдонуу керектигин эскертет.

Вирус тууралуу эмне белгилүү?

Вирустук бөлүкчөлөр (штамм) 2019-nCoV. Сүрөт: Кыдайдын ооруларды профилактикалоо жана көзөмөлдөө боюнча борбору

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кытайдан чыккан вирусту «2019-nCoV» же «Ухандын короновирусу» деп атады. Анын өзгөчөлүгү адамдар да, жаныбарлар да ооруну жуктура алгандарында. Белгилери болсо сасык тумоонуку менен окшошуп кетет — жогорку температура, жөтөл, оор дем алуу. Кытайдын бийлиги вирусту Ухандагы деңиз азыктарын саткан базардагы кардарлар таратышы мүмкүн деп эсептешүүдө. Базарда канаттуулар, жылан, коенек жана башка жаныбарлар жана алардын эти сатылчу. Соода түйүнү 1-январда карантинге жабылган.

Саламаттыкты сактоо тобунун жетекчиси Чжон Наньшандын билдирүүсүнө ылайык 20-январда вирус адамдан адамга аба аркылуу өтөөрү аныкталган. Вирустун инкубациялык мөөнөтү 2-12 сутка. Вируска каршы вакцина азырынча жок.

26-январда Кытайдын саламаттык сактоо министри Ма Цяо Вэй «өлкө кооптуу абалга кептелди» деп айтты. «Эпидемиянын очогун жаап, каттамдарды чектөө жана башка чаралар жакын арада натыйжа бере баштайт деп ишенем», — деди Ма.

Вирустун алдын алуу жолдору

Өкмөттүн басма сөз кызматы, Кыргызстандын аймагында жаңы вирус катталбаганын белгилеп мессенжерлер, соцтармактар аркылуу жалган маалыматтарды тараптоого чакырат. Анын ордуна вирустун алдын алуу чаралары менен бөлүшүңүз. Ал эми адистер вирустун алдын алуу үчүн төмөнкү чараларды сунушташат:

  • колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
  • жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
  • сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу; эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
  • жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабоо;
  • эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылуу.

Авторлошу: Камила Баймуратова