Баткендин тургундары Тажикстан менен алмаштырылуучу жер боюнча кабарлары жоктугун айтышууда

Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттары чыгарган токтом. Сүрөт: «Чек ара» коомдук бирикмеси

Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттары Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинде турган Тескей тилкесиндеги 1,4 гектар сугат жерди Тажикстан менен алмашууга макулдугун беришти. Бул боюнча токтомду «Чек ара» коомдук бирикмеси фейсбук баракчасында жарыялады.

Коомдук бирикме фейсбук аркылуу бийликке кайрылып, «Баткен облусунда эл менен жолугушуу өткөрбөстөн, айылдык кеӊештердин чечимдерин жашыруун чыгартып, тажик тарап менен жерлерди алмаштырууга документтерди даярдап баштады. Эмне үчүн мындай иштерди элге көргөзбөй жеӊ ичинен, жашыруун жүргүзүп жатасыӊар» деген суроону койду.

«Клооптун» журналисттери Самаркандек айылынын бир нече тургуну менен баарлашышты. Алар бирикме тараткан маалыматты тастыктап, Тажикстан менен жер тилке алмашуу боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөнүн айтышты.

«Чек арага байланыштуу биздин маалыматыбыз жок. Ошентип кол коюп койгону тууралуу эле билгенбиз. Элге айта элек жер алмашат деп. Эч кандай чек ара тууралуу азырынча сөз боло элек», — деп түшүндүрдү айыл туругуну Айхан Жолдубаева.

Аты-жөнүн атагысы келбеген дагы бир тургун жер алмашуу тууралуу маалыматты сыналгыдагы жаңылыктардан угушканын кабарлады. «Элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй эле жерди алмаштыруу чечимин кабыл алышты. Айыл башчылар менен гана сүйлөшүштү окшойт. Эл ошон үчүн нааразы болуп жатат», — деди ал.

Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» түшүндүргөндөй Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарынын 1,4 гектар жер алмашуу боюнча токтому акыркы чечим эмес. Бул маселени өкмөт чечет.

«Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттары 2020-жылдын 17-январында кезексиз сессия өткөрүшкөн. Чек арадагы [Самаркандек айылынын Тескей] жер тилкесин алмашуу сунушталып, алар макулдуктарын беришкен. Мыйзамдуу түрдө №37-токтомун кабыл алышкан», — деди Бердикулова.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик 15-январда тургундар менен жолугуп, алмашууга сунушталып жаткан жерлер боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн деп ишендирет Бердикулова.

Басма сөз катчы жер алмашуу боюнча токтомдун сүрөтү социалдык тармактарга тарап кеткендиги боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кыргыз-тажик чек арасына чектеш жайгашкан Баткен районуна караштуу Аксай айыл аймагынын Арык-Асты жана Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек тилкеси Тажикстан менен алмашылаарын билдирген. Разаков жер алмашууга чейин жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөөрүн убадалаган. Азырынча Тажикстандын кайсы жер тилкеси Кыргызстанга өтөөрү белгисиз.

Баткен районунун Аксай айыл аймагы Тажикстандын Ворух анклавы менен, ал эми Самаркандек айыл өкмөтү Исфара районуна караштуу Чорку айылы менен чектешет.