Ошто өз кызын зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош облусунун Араван райондук соту 5-февралда аталган райондун 44 жаштагы тургунун өмүр бою абак жазасына кести. Ал 15 жаштагы кызын зордуктоого күнөөлүү деп табылды.

«Араван райондук прокуратурасы кылымыш ишин сотко 31-декабрда жөнөткөн. Атасы зордуктап жүргөнүн мойнуна алды», — деди Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя тууралуу милицияга 2019-жылдын 11-декабрында белгилүү болгон. Өспүрүм кыздын зордукталганы тууралуу укук коргоо органдарына ооруканадан кабарлашкан.

Өспүрүм ден соолугуна даттанып, тайкесинен ооруканага алып баруусун өтүнгөн. Көп өтпөй кылымышка шектүү катары кыздын атасы кармалып, «Зордуктоо» беренеси менен эки айга камакка алынган. Тергөө убагында соттолуучу кызын бир жылга жакын убакыт «зордуктап жүргөнүн» мойнуна алган.

Кордук көрүп жүргөн кыздын апасы 2016-жылы каза болгон. Үй-бүлөгө апасынын жакын туугандары каралашып турушкан.

2018-жылдын мартында Өзгөн райондук соту 11 жаштагы өгөй кызын беш жыл бою «зордуктап жүргөн» кишини 15 жылга эркинен ажыраткан. Кыз зордукталып жүргөнүн өгөй атасынын «өлтүрөм» деп коркуткандыгы үчүн эч кимге айта алган эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 169 өспүрүм жабыр тарткан, анын дээрлик жарымын кыздар түзгөн.