Алмазбек Атамбаев жана Равшан Жээнбеков мурдагы өлкө башчысынын Кой-Таштагы резиденциясында

Равшан Жээнбеков өзүн оппозициялык саясатчы жана №1 ТИЗОнун саясий туткуну деп атайт. Экс-депутат мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу учурунда ошол жакта жүргөнү үчүн 12-декабрда кармалган.

Жээнбеков «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Атамбаевдин тушунда Жээнбеков оппозицияда болгон. Биз оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков менен маек куруп, эмне үчүн ал мурдагы президенттин резиденциясына барганын жана мурдагы саясий каршылашына колдоо көрсөткөнү үчүн ТИЗОдо отуруп калганына өкүнүп-өкүнбөгөнүн сурадык.

Сиз эмне үчүн август айында Атамбаевдин резиденциясына бардыңыз эле? Сиз анын жакын адамы эмес болчуңуз, ал тургай анын башкаруусунда оппозицияда болгонсуз.


Президент Атамбаев менен карьера жасап, жеке өзүнө чын жүрөктөн берилдим деп ант берген көптөгөн саясатчылардын жоголуп кеткени кызык болду.


Биздин бардык саясий тажрыйбабыз, 30 жылдык эгемендүүлүк Кыргызстан саясий атаандаштыгы жок, күчтүү саясий оппозициясыз жашап кете албаарын көрсөттү.

Эгер оппозиция жок болсо, бийлик репрессияларга, рейдерликке, мыйзамсыздыкка оңой эле өтүп кетет.

Атамбаев, күчтүү оппозициячыл саясатчы катары өлкөнүн саясий конфигурациясы үчүн абдан пайдалуу болмок деп эсептейм. Авторитардык бийлик бар болгон жерде күчтүү оппозициянын бар болушу зарыл.

Учурдагы президент мурдагыга караганда коркунучтуураак экенин азыр баары барган сайын көбүрөөк түшүнүп жатышат, бийликтин бардык рычагдары, мыйзамсыздык, укуктарды, эркиндикти кысуу жана репрессиялар учурдагы бийликтен келип жатат.

Атамбаев Бакиевдин режимине каршы оппозицияны уюштуруп, аны жетектегенде өлкө үчүн көп нерсе убадалаган мезгил баарынын эсинде.

Ошондуктан мен алгач Атамбаевдин өзүн эмес, демократиялык принциптерди жана көз караштарды колдогом. Кыргызстанда күчтүү оппозициянын кыска мезгилинде гана эркин ойлоп жана сүйлөө мүмкүн болгон.

Жээнбеков жана Атамбаев

Штурм болгон күнү резиденцияда эмне кылып жүрдүңүз эле?


Спецназ бизди ок атуулар жана «Жолобогула!» деген кыйкырык менен тосуп алды.


7-августта Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясына мен жана журналист Болот Темиров жана Михинур Ниязова болуп чогуу барганбыз. Жолдор баррикадалар менен жабык болгондуктан биз жөө жеткенбиз. Анда 21:30 — 22:00 чамасы болгон.

Биз чогуу Атамбаевдин үйүнүн ылдыйкы тосмосуна барууга аргасыз болдук, ал жакта көп адам чогулуп калган эле. 

Атамбаевдин тарапташтары үйгө кирип, спецназды куралсыздандырышты деп адамдар кыйкырып башташканга чейин ошол жерде болдук.

Мен үйгө кирип, бир бурчка үйүлүп калган «Альфанын» аскерлерин көрдүм. Чакан топ аларды агрессивдүү үйүлгөн адамдардан коргоп жаткан. Мен да аларды коргоп баштадым.

Бир маалда экинчи кабаттан ок атып башташты. Ок атуу токтогондон кийин биз экинчи кабатка көтөрүлүп, дагы бир жолу толтура адамдарды жана «Альфанын» спецназчыларын көрдүк, аларды бир бөлмөдө кармап жатышыптыр.

Аларды да бир чакан топ башкарылбай калган агрессивдүү элден коргоого аракет кылып жатышты. Милициялар кордонунан жарадар спецназчыларга медиктер чакырылып, алар карап бүтүшкөндөн кийин «Альфанын» жарадар аскерлерин агрессивдүү жыйылган эл аркылуу «Тез жардам бригадасына» чыгарылды.

Ошол убакта Кой-Ташта милиция жана митингчилер жактан миңдеген адамдар турушкан.


Чоң кан төгүлүү коркунучу бар экени ачык болгон.


Мурдагы президентке лоялдуулук көрсөтүүңүз камакта отуруп калышыңызга тете беле?

Атамбаев оппозицияга кайтып келгенден кийин ал демократиялык реформалар тууралуу айтып баштады.


Кеп Атамбаевде эмес, кеп демократиялык баалуулуктарда


Кеп Атамбаевде эмес, кеп демократиялык баалуулуктарда — мен аларды акыркы 20 жыл бою, бардык беш президенттин тушунда коргоп келгем.

Эгер муну лоялдуулук деп атасак, анда бул лоялдуулук жеке бирөөгө карата эмес, биринчи кезекте саясий атаандаштык, сөз эркиндиги, тандоо эркиндиги, адам укуктары жана базар экономикасы деген сыяктуу демократиялык баалуулуктарды жактоодо.

Жеке мага бийлик көз каранды тергөө аркылуу суроону башкача койду. Бир четинен — принциптеримден айнып, Атамбаевди ойдон токулган каралоо менен таза эмес келишимге баруу, башка жагынан — түрмө.

Мен принциптеримден айный албайм, ошондуктан учурда ТИЗО №1де отурам.

Жээнбеков кармалаар күнүндө

Мен эркиндикте жүргөндө айткандай, бийлик камоолор менен экономикадагы, жумушчу орундардагы, билим берүүдөгү, саламаттык сактоодогу, пенсиядагы иштердин абалын чече албайт, ордунан чыкпай калган иштердин баарын гей параддарга жана тыңчыларга илип коёт.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосунда жаңжал чыкканда Атамбаевдин тушунда басымга кабылган көптөгөн саясатчылар Жээнбековду колдошту. Эмне үчүн сиз ушундай кылган жоксуз?

Анын президенттик мөөнөтүнүн башында кандайдыр бир үмүт бар эле.

Бирок азыр, эки жыл өткөндөн кийин анда өлкөнү өзгөртүү үчүн элеси да, эрки да, командасы да жок экенин баары көрүп турат.

Президент Сооронбай Жээнбеков авторитардык системада эч нерсе өзгөрткөн жок.

Ал Кремлге көз каранды, ал сөз эркиндигин, саясий атаандаштыкты кысып, жеке менчик авторитардык кландык режимди түзүп жатат.


Президент катары анын иши оңунан чыкпайт жана өлкөнү кыйроого алып баратат дегенге көзүм жетет.


Тергөө менен кызматташууга барууга макулсузбу?

Кой-Таш окуясы боюнча эмнелерди билген болсом, баарын тергөөчүлөргө айттым. Буга чейин мага тергөөгө көмөктөшүүнү сунушташты. Муну биздин бийлик өкүлдөрү жалган билдирүүгө айлантып алышкан. Ал эми жалган көрсөтмө берүү — бул кылмыш.

Саясий позицияңыз жакындарыңыздын коопсуздугуна кандай тассир берди?

Менин улуу балдарым, Айсулуу менен Азат АКШда иштешет жана ал жакта жашоого мүмкүнчүлүгү бар. Кенже кыздарым, Каныкей менен Айжан биз менен бирге, алар мектепке барышат. Жубайым үй-бүлөлүк жумуштар менен алектенет.

Азырынча, аркабыздан түшүүдөн, маалымат чогултуудан башка жакындарыма карата кооптуулукту бийлик тарабынан сезе элекмин. Сооронбай Жээнбековдун режими бул нерсеге жеткирбейт деп үмүттөнөм.

Равшан Жээнбеков

Сиз камакка алынгандан кийин уулуңуз активдүү жарандык позицияны кармана баштаганына кандай карайсыз?

Жакын адамдар бири-бирин коргогону нормалдуу эле нерсе. Ал эми жарандык жана саясий ишмердикти туруктуу алып кетүү үчүн ал абдан оор тандоо жасашы керек. Бул деген дүйнөдө эң мыкты компаниялардын бири эсептелген «Кемоникс» компаниясындагы кызыктуу жумушунан баш тартуу чечими. Өзү чечет.

Биздин үй-бүлөнүн өз оппозициялык тарыхы бар, дүйнөдөн кайткан атам жана алардын чоң аталары Бакиевдердин учурунда оппозициялык «Алиби» гезитин басып чыгарып турушкан.


Бийликке жөн гана каршылаш болуу жетиштүү болбой калды.


Бийликке жөн гана каршылаш болуу жетиштүү болбой калды, бүгүн созулма кризистен чыгуунун стратегиясын сунуштаганды билиш керек, заманбап билим керек.

Адискөй саясатчы жана тажрыйбалуу оппозициячы катары системалык саясий реформалар гана Кыргызстанды кризистен чыгарат деп эсептейм. Мен бул максатка бүт өмүрүмдү арнадым.

Демократиялык реформаларды сүрмөлөгөн, укуктарды жана эркиндикти коргогон саясатчы стратегиялык жактан ката кетирет деп ойлойбойм.

Бийликтин ичиндеги ыдыроо 7-августтагы Кой-Таштагы штурмга алып келди. Алардын башкаруусундагы бул эң олуттуу ката деп эсептейм.

2019-жылы мен өзүмдүн саясий максатыма системалык түрдө бараткам жана демократиялык реформалар, укуктар жана эркиндик үчүн күрөшчүмүн. Балким, саясатка эми аттанып жаткан биздин жаштар менен көбүрөөк сүйлөшүш керек болчу, бийликтин ыкмалары жана тобокелчиликтер тууралуу көбүрөөк айтып бермекмин.

Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткендигин жарыялаган. Кандай ойлойсуз, ал туура эле кылдыбы?


Өмүрбек бизнести тандады, бул анын тандоосу жана коом анын тандоосун сыйлыш керек.


Кыргызстандагы жана бардык авторитардык өлкөлөрдөгү саясат абдан катаал жана эрежесиз.

Адискөй саясатчы бир учурда эркиндикти, бизнести, активдерди, а түгүл балким өмүрдү да сайыш керек болоорун билиши керек. Эгер сен ушуга даяр болсоң саясатка барыш керек.

Бабанов саясаттан эбак эле — шайлоонун алдындагы дебаттарда президенттикке талапкер Жээнбеков аны балапан жана коррупционер деп атаганда, Өмүрбек унчукпай койгондо эле саясаттан кеткен. Ошондо аны сындырып коюшканын, ал президент болбоору билинген.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодон эмнени күтөсүз? Келе жаткан шайлоодо кайсыл партияны колдомоксуз?

Бийликтин өзү жана анын олигархтары өзгөрбөй келет.

2020-2025-жылдарга чөнтөк парламентти алыш үчүн акыркы 30 жылда кылып келген нерселерин жасашат. Президент жана бйилик үчүн шайлоо дайыма чоң кризис.

Авторитардык жана коррупциялашкан бийлик таза шайлоо өткөрүүгө жөндөмсүз. Соттор көз каранды жана шайлоо чырлары учурунда адилеттүү чечим чыгара албайт.

Шайлоонун тазалыгына көз салышы керек болгон күч бөлүгү бүгүнкү күндөгүдөй эле малай болот.

Жарандар пенсия, мектеп, оорукана жана жумушчу орундар тууралуу убадаларга ишенбей калышты. Калп, ушак жана коркутуулар таасир бербей калды.

Ушундай ыпылас ыкмалар менен өткөрүлгөн пайламенттик шайлоону бир дагы авторитардык эл аралык уюм жана демократиялык коомчулук тааныбайт деп ойлойм. Шайлоо олуттуу саясий жаңжалдар жана дестабилизация менен аяктайт деген тобокелчилик өсүп жатат.


Саясий атаандаштык жарата алгандардын бардыгын ар кандай ыкмалар менен саясий талаадан жоготушат.