Финпол Матраимовдун мүлкүн текшерүү ишин УКМКга өткөрүп берди

Финпол бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү жөнүндө ишти УКМКга өткөрүп берди. Ведомстводон «Клоопко» иш өткөн жылдын аягында эле өткөрүлгөнүн билдиришти.

Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү иши президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен 2019-жылдын январында башталган.

Өткөн жылдын июль айынын аягында ведомство иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялаган — Матраимовдун үй-бүлөсүнүн Кыргызстанда декларацияланган мүлкү текшерилип, алардын чет өлкөдөгү мүлктөрү тууралуу маалыматтар суралган.

«Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөсү чыккандан кийин өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев финполдон бир нече жолу текшерүүнү тездетүүнү талап кылган.

Финполдун башчысы Бакыт Таиров тергөөчүлөр чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкүн табышпаганын билдирген. Кийинчерээк «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Дубайда 12 млн доллардык мүлкү бар экендигин ырастаган фактыларды келтиришкен иликтөө жарыялашкан.

Депутат Искендер Матраимов журналисттерге текшерүү тергөөчүлөр бир эле иниси Райымбектин гана эмес, Матраимовдордун башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн да мүлктөрүн текшерип атышкандыктан созулуп кеткенин түшүндүргөн.