Ошто жөө өтмөктөн 7 жаштагы баланы «КамАЗ» сүзүп каза тапты

Ош шаарындагы Исхак Разаков жана Уркуя Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жөө өтмөктөн биринчи класстагы баланы «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп кетип, окуучу жеринде каза тапты.

«Окуя 4-мартта саат 13:00 чамасында болду. Азыркы учурда тийиштүү материалдар топтолуп тергөөгө берилди. Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деди «Клоопко» Ош шаардык жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Рашид Сыдыков.

Ош ШИИБинен «Клоопко» аталган окуя «Жол унаа кырсыгы» беренеси менен катталганын маалымдашты.

2019-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө айдоочу үч жашар баланы коюп кеткен. Жабыркаган бала Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок ал эс учуна келбей көз жумган.