Жалал-Абадда коронавирус жуктургандардын саны 49 адамды түздү

Республикалык штаб 30-мартта Жалал-Абад облусунда коронавирустун дагы 10 учуру катталганын маалымдады.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган адамдардын саны 94кө жетти. Алардын 49у Жалал-Абад облусунда, 33ү Ош облусунда, бирөө Баткен облусунда, сегизөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда жана бирөө Нарын облусунда катталды.

Ооруну жуктуруп алгандар менен байланышкандардын саны 7307 адамды түздү — алардын 2085и үй-бүлө мүчөлөрү. Кыргызстан боюнча обсервацияга алынгандардын саны 1459 жаранды түзөт.

Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган Жалал-Абад облусунун 3 тургуну айыгып, ооруканадан бүгүн чыгышы күтүлүүдө.

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча жаңылыктарды жарык көрөөрү менен окуп тургуңуз келсе, анда «Клооптун» соцтармактардагы барактарына жазылыңыз: Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассники.

ТЕМА БОЮНЧА:

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция