ИИМ милиционер кызматтык унаада секс кызматкерлерин ташыганын четке какты

Кыргызстандын бир нече маалымат каражаттары 1-апрелде күч кызматкерлери коменданттык саат учурунда кызматтык унаада секс кызматкерлерди ташып жүргөн делген Свердлор РИИБнин милиционерин кармашканын билдиришкен. ИИМ милиционер секс кызматкерлерин ташыганындыгы тууралуу маалыматты төгүнгө чыгарды.

Укук коргоо органдарындагы өз маалымат булактарына таянган Kaktus.Media басылмасынын маалыматына ылайык, УКМКнын кызматкерлери милиционерди 28-мартта кармашкан.

«Күч кызматкерлеринин айтымында, милиционер коменданттык саат учурунда кызматтык унаа менен секс кызматчыларын ташып жүргөнү үчүн кармалган. Карантиндик посстордон токтоткондо ал кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп блокпосттордон өтүп кетип жаткан», — деп айтылат басылманын макаласында.

ИИМ 28-мартта чындап эле Свердлов РИИБнин кызматкери коменданттык саатты бузганы үчүн кармалганын тастыктады. Бирок ведомство милиционер секс жумушчуларды ташыганын четке кагып, ал эми кармоону УКМК эмес, милициянын патрулу ишке ашырган деп билдирүүдө.

«Милиционер кызматтык унаада секс кызматчыларды ташып жүргөн деп айтылып таркатылган маалымат чындыкка коошпойт жана фейк болуп эсептелет», — деп билдирди 2-апрелде министрликтин басма сөз кызматы.

Ведомстводон кошумчалашкандай, фейк маалымат тараткандарга карата чаралар көрүлмөкчү.

«Эскертебиз, билип туруп кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалымат тартуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Журналисттерден расмий жана текшерилген гана маалымат чыгарууну суранабыз», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.