Кыргызстанда 5500гө чукул медкызматкер коронавируска каршы күрөшүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 14-апрелде өткөн брифингде өлкөдө 5 жарым миңге жакын медицина кызматкери пандемияга каршы күрөшүүгө жана профилактикалык ишти аткарууга тартылганын билдирди.

Өлкөдө 79 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү. Алардын 24ү дарыгер, калгандары медайымдар, лаборанттар, санитардык кызматкерлер жана ашпозчулар.

Буга чейин өкмөттөн иш учурунда оорууну жуктуруп алган медицина кызматкерине 200 миң сом компенсация төлөп берилээрин, кокус ал каза болуп калса жакындарына 1 миллион сом төлөнөөрүн билдиришкен.

Кыргызстан боюнча 14-апрелге карата коронавирус жуктургандардын саны 430 адамды түздү — алардын ичинен 230у аял жана 200ү эркек. Өпкө оорусунан 5 адам каза таап, жалпысынан 71 адам айыкты. 354 адам ооруканада дарыланууда. Анын ичинен 13 бейтаптын абалы оор — тогузу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.