Президент Сооронбай Жээнбеков депутаттарды өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал тартибин узартууга көндүрүү үчүн парламенттин отумурумунда чыгып сөз сүйлөдү. Жыйынтыгында, эл өкүлдөрү анын өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу боюнча чечимин жактырышты. Анын айткандарын кыскача баяндап беребиз.

Жуктуруунун көбөйүүсү алдыда. Президент сүйлөп жатып коронавируска туш болгон учурлардын көбөйүүсү алдыда экенин бир нече жолу кайталап айтты — бул сөзүндө ал адистердин берген талдоолоруна таянган.

«Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынан көрүп жаткандай, оорулуулардын саны карантин киргизилгенден 35-40 күн өткөндөн кийин азая баштаган. Биздин адистердин анализи боюнча Кыргызстанда ооруга туш болгон учурлардын көбөйүүсү апрель айынын экинчи жарымына туура келет деп божомолдонуп жатат», — деди президент.

Медиктерге ыраазычылык билдирип, бирок аларга болгон кысым көрсөтүүлөр боюнча эч нерсе айткан жок. Президент азыр өзгөчө абал режимин алып таштасак, «медиктердин күнү-түнү жасаган мээнети текке кетерин» айтты. Ал медиктердин эмгеги үчүн рахмат айтты. Бирок аларга болгон кысым көрсөтүүлөр жөнүндө же инфекция жуктуруп алган медиктердин саны күн сайын өсүп жатканы тууралуу үн каткан жок.

Аярлуу катмардагы жарандарга азык-түлүк менен жардам беребиз. Президент өзгөчө абал режиминде жашаган кыйын экенин айтты, өзгөчө «күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөргө» оор экенин белгиледи. Ал «азыркы кырдаалда эч ким колдоосуз калбаарын», аярлуу катмардагы адамдар азык-түлүк менен камсыздалып, ал эми пенсиялар, жөлөкпулдар жана маяналар өз убагында төлөнөөрүн убадалады. Мындан тышкары, өлкө башчысы «эң биринчи мүмкүнчүлүк болоору менен» чет өлкөдөгү мекендештер алынып келинээрин билдирди.

Бизнести колдойбуз. Өлкө башчысы пандемия кыргыз экономикасына сокку урганын билдирди. «Бизнести колдоо үчүн бир катар чечкиндүү кадамдар жасалат», — деди президент. Кандай кадамдар экенин — түшүндүргөн жок. Буга чейин бийлик өзгөчө абал тартиби учурунда салыктар менен насыялардын бардыгын жокко чыгарып коё алышпасын билдирген — анткен менен бизнестин көпчүлүк бөлүгү учурда иштеп жана киреше таба албай жабык турат.

«Коопсуздук жаздыгы» жок болчу, бирок бизге донорлор жардам беришти. Жээнбеков коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекетте «коопсуздук жаздыгы» болбогондуктан, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөр активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын, жардамдар келе баштаганын белгиледи. Алтургай сөзүнүн аягында президент Кыргызстанга жардам берип жаткандардын бардыгын атап айтып берди.

Шайлоо жана массалык майрамдардын жылдырылышы тууралуу. Жээнбеков коронавирустан улам жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо жылдырылып, апрель революциясынын он жылдыгын белгилөө мүмкүн болбой калганын айтып, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына — «ыйык датага» байланыштуу иш-чаралар да өзгөртүүлөргө учурай турганын айтты.