Биометрикалык жалпы жарандык паспортордду даярдоо конкурсунун финалына эки компания өттү

Мамлекеттик катто кызматы (МКК) биометрикалык жалпы жарандык паспортторду даярдоо боюнча тендерге үч компания катышып, алардын экөөсү финалга өткөнүн маалымдады.

Тендерге катышууга төмөнкү үч компания билдирме берген:

  • «Казакстан Республикасынын Улуттук банкынын Банкноттук фабрикасы» (Казакстан);
  • Mühlbauer ID Services GmbH (Германия);
  • IDEMIA Identity and Security France (Франция).

IDEMIA Identity and Security France компаниясынын билдирмеси техникалык талаптарга жооп бербегендиктен кабыл алынган эмес. Бирок МКК так кайсы талаптар боюнча туура келбей калганын тактап айткан жок.

Эми конкурстук комиссия компаниялардын каржы сунуштарын карашы керек. МКК буга чейин кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспортторду 2021-жылдан тарта ала башташаарын маалымдаган эле.

Чуулгандуу тендер

МКК буга чейин биометрикалык жалпы жарандык паспортторду даярдоого тендерин өткөргөн жана буга 1,2 млрд сом коротууну пландаган. Ал учурда тендерге ушул компаниялар жана дагы бир Garsu Pasaulis компаниясы катышкан. Акыркы компания тендерди утуп кеткен.

Бирок Mühlbauer ID Services GmbH жана IDEMIA Identity and Security France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришип, конкурстук комиссиянын чечимине даттанышкан.

2019-жылдын февраль айында, УКМК кылмыш ишин козгоп, Garsu Pasaulis компаниясы МККнын аткаминерлери менен көмүскө келишимге барышкан деп билдирген.

Бул иш боюнча «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин директору Талант Абдуллаев, МККнын статс-катчысы Данияр Бакчиев жана МККнын төрагасынын орун басары Русланбек Сарыбаев кармалган. Соттун чечими боюнча аларга 500 миң сом айыппул салынган.

МККнын мурдагы башчысы Алина Шаикова жаңжалдын шартында кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен.