Бюджет тармагында иштегендердин маянасы бир жумага кечигиши мүмкүн — Бишкектин вице-мэри

Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев билдиргендей, бюджет тармагында иштегендердин эмгек акылары бир жумага кармалып калышы мүмкүн. Анын айтымында, алардын маяналарын камсыздоодо «тобокелдиктер бар».

«Бүгүнкү төлөмдөр, балким, бир жума кечигиши мүмкүн. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр боюнча өкмөт тараптан жардам күтүүдөбүз. Негизинен мугалимдерге», — деди ал.

Карантин жана коронавируска каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу Бишкек мэриясы тараптан пландалган чыгымдардын бир бөлүгүн таптакыр эле кыскартууга туура келет.

Бакетаевдин айтымында, бюджеттин корголгон бардык беренелери аткарылат, ал эми алар Бишкектин пландалган бюджетининин 50% көбүн алат — өлчөмү 10 млрд 98 млн сомдон ашык. Калган иш-чаралар менен чыгымдар кыскартылат.

Бюджетке 900 миллион сом түшпөй калды — мындан да көп түшпөй калышы мүмкүн.

«Бүгүнкү күндө болуп жаткандарды эске алып, бюджетке бир жарым млрд сом өлчөмүндө каражат түшпөй калуусу мүмкүн экени эсептелинди», — деди Бакетаев.