Өлкөдө дагы жети медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда дагы жети медкызматкерде коронавирус аныкталды — алардын бешөөсү Бишкек шаарында, бирден медик Ош жана Нарын шаарларында иштеп жатышкан. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 14-майдагы брифингде билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 248ге жетти — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 23 пайызын түзөт. Алардын 192си илдеттен айыгып, бирөөсү каза тапты. Өкмөт көз жумган медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом кун төлөп бермекчи.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом кун каралган. Ал эми илдеттен каза тапкан медиктердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон компенсация төлөнүп берет. Бирок анын алдында Саламаттык сактоо министрлигинин атайын комиссиясы ар бир учурду иликтеп чыгат.

Ошондой эле COVID-19ду жуктурган бейтаптарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы каралган.

Медицина кызматкерлерине март айында жалпы 37 млн сомго жакын кун төлөнүп берилди. Бишкек шаарынан 1112, Ош шаарынан 362, Ош облусунан 1047, Жалал-Абад облусунан 1182, Чүй облусунан 835, Баткен облусунан 500, Нарын облусунан 499, Ысык-Көл облусунан 479, Талас облусунан 267 медкызматкер компенсация алышты. Өлкө боюнча март айында иштеген медиктердин жалпы саны — 6283.

Кыргызстанда 14-майга карата коронавирустун жаңы 38 учуру катталды — жалпысынан 1082 учур. Ооруканаларда 335 адам жатат — алардын бешөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.