Медиктер Улуттук госпиталдын дарыланып чыккан бейтабынан коронавирус аныкташты

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жакында эле Улуттук госпиталдын бет-жаак сөөк хирургия бөлүмүндө дарыланып чыккан бейтапта коронавирус аныкталганын билдирди. Ал киши жумушка чыгаарынын алдында жеке өзү кайрылып ПЧР-анализ тапшырган.

Учурда бейтап Республикалык инфекциялык ооруканасында дарыланып жатат, ал эми аны менен байланышта болгон врачтар жана бейтаптар ПЧР-анализ тапшырышты.

«Анализдердин жыйынтыктары азырынча белгисиз — алар текшерилип жатат. Бейтап дарыланып жаткан бөлүм дезинфекцияланды. Ал [бөлүм] штаттык режимде иштөөдө», — деп айтып берди Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко».

26-майга карата маалымат боюнча, өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуунун 1468 учуру тастыкталды. Алардын ичинен 287 адам — медиктер.

Кыргызстандын ооруканаларында 437 адам дарыланып жатат, алардын ичинен төртөө учурда реанимацияда.

Пандемия башталган күндөн тарта өлкөдө 1015 бейтап айыгып, 16 адам каза тапты.