Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1662ге жетти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-майдагы брифингде өлкөдө коронавирустун жаңы 68 учуру катталганын маалымдады.

Жаңы учурлардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 35, алардын 26сы Санкт-Петербургдан келген курсант жана үчөөсү медкызматкер. Ошондой эле коронавирус Орусиядан келген 21 кыргызстандыктан аныкталды — 11 кош бойлуу аял жана 10 студент. Ал эми Чүй облусунда беш, Нарын облусунда төрт, Ош шаарында эки — анын бирөөсү медкызматкер — жана Баткен облусунда бир адамдан COVID-19 табылды.

Кыргызстан боюнча коронавирустун жалпы 1662 учуру катталды — анын 330у медкызматкер. COVID-19дан 1088 адам айыгып, он алты бейтап каза болду.

Коронавирустун эң көп катталганы боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат, борбор калаада 406 адам вирус шарттаган илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 314 учур. Чүй облусунда — 123, Ош облусунда — 217, Жалал-Абад облусунда — 162, Ош шаарында — 179, Баткен облусунда — 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург, Соль-Илецк жана башка шаарларынан келген 218 мекендешибизде коронавирус аныкталган — алар Бишкек жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Учурда ооруканаларда 558 адам дарыланып жатат. Стационарда дарыланып жаткандардын ичинде он бейтап оор абалда, алты бейтап жандандыруу бөлүмүндө калууда. Кыргызстан боюнча обсервацияга 2467 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7222 адамды түздү. Акыркы сутка ичинде 2494 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.