Чек ара кызматы: Баткендин тургунуна тажикстандык белгисиз адамдар ок чыгарышты

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы 2-июнь күнү Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз жарандар Ош — Исфана жолунда бара жаткан кыргызстандык айдоочуга бир нече жолу ок чыгарышканын кабарлады.

Пресс-релизде окуя болжол менен түнкү саат 1:20да болгону жазылган. Натыйжада 38 жаштагы Баткендин тургуну денесинен жеңил жараат алып, Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген.

Андан соң жеринде эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугуп, окуя боюнча териштирүүлөр жүргүзүлгөн. Чек ара кызматынан учурда кырдаал «туруктуу» деп белгилешти.

Мындан эки күн мурда Баткендин Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек чек арасына жакын жашаган жергиликтүү эки элдин тургундарынын ортосунда чыр чыгып, анда 25 кыргызстандык жана 16 өзбекстандык жабыркаган. Чыр такталбаган аймакта жайгашкан Чечме булактагы сууну талашуудан улам келип чыккан.

1-июнь күнү окуя болгон аймакта Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Андан соң Боронов Кадамжай районундагы чектеш айылдагылардын жашоочулары менен жолугуп, алардын кайрылуулары боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөөрүн убадалаган.

Ал эми мурдараак облустун Көк-Таш айылында жайыт маселесинен улам Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда кайым айтышуу орун алып, ал ок атышууга айланган. Натыйжада төрт кыргызстандык — үч чек арачы — жана эки тажикстандык жарадар болгон.

Жарадар болгон кыргызстандык аскерлердин бири оор абалда болгондуктан ага операция жасатуу керек болгон. Мындан улам аны 1-июнда Москва шаарындагы аскердик ооруканага которушту.

ТЕМА БОЮНЧА: