
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 6-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 38 учуру катталганын билдирди. Алардын ичинен Ош жана Жалал-Абад облустарында экиден, Бишкек шаарынан тогуз, Чүй облусунан он, Ош шаарынан он бир, Нарын облусунан үч жана Баткен облусунан бир учур катталды.
Жуктуруп алгандардын ичинен үчөө чет өлкөдөн келгендер, 29 адам үй карантининде жаткандардан экинчи ирет алган анализдеринен коронавирус аныкталды. Ал эми алты учур белгисиз шартта жуктуруп алгандар, учурда алар кайдан жуктуруп алганы такталып жатат.
Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1974кө жетти. Өпкө илдетинен 22 киши каза болуп, 1360 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.
Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 522. Чүй облусунда коронавирус 391 адамдан табылды. Ош облусунда – 233, Ош шаарында – 223, Жалал-Абад облусунда – 165, Баткен облусунда – 32, Нарын облусунда – 390, Ысык-Көл облусунда – 18 учур катталды.
Ооруканаларда 592 адам дарыланууда. Алардын ичинен он бир адам оор абалда, экөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1736 адам жатат, үй карантининде 8194 адам бар. Бир сутка ичинде 5050 изилдөө жүргүзүлдү.