«Карантин эрежеси бузулду». Ошто президентке кайрылган Кимсановдун эки тарапташын милиция кармады

Ошто мурдагы бажы кызматкери Эмилбек Кимсановдун президентке видео кайрылуу жасаган эки тарапташын милиция кармап кетти. Бул тууралуу «Клоопко» Кимсановдун адвокаты Назгүл Сүйүнбаева билдирди.

«Азыр Кара-Суу РИИБине баратабыз. Балдар флешмоб кылып президентке кайрылуу жасашкан. Милиция алардын кайрылуусунда кандайдыр бир “чакырыктар” бар деп аларды кармап кетишиптир», – деди ал.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев эки тургун 11-июнда эртең менен милицияга жеткирилгенин тастыктады. Анын айтымында, президентке кайрылуу боюнча тасма тартылган учурда топтолгон тургундардын саны 100гө жакын болгондуктан карантиндин эрежелери бузулган. Аширбаев Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кайра коё берген дейт.

«Видео 26-майда тартылган болуп чыкты. Ошондо булар эл топтолбосун деген Кара-Суу райондук администрациясынын атайын буйруктарын бузгандыгы боюна эскертүү берилди. Анан ошондой эле жанагы спорт менен машыккан балдарды эмне максатта топтогондугун дагы тактап, коомдук тартипти бузбоо боюнча түшүнүрүү иштери жүргүзүлдү», – деп түшүндүрдү басма сөз катчы.

Аширбаев кошумчалагандай, милиционерлер эгерде эки эле адам кайрыла турган болсо башкаларды топтоштун зарылчылыгы жоктугун түшүндүрүшкөн.

Президентке кайрылуу

Соцтармактарда бир күн мурун Кимсановдун тарапташтарынын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон видео кайрылуусу тараган. Анда ондогон киши Жээнбековдон абакта жаткан Эмилбек Кимсановду бошотууну талап кылышкан.

Тасмадагы тургундардын бири өз сөзүндө Жээнбеков үчүн шайлоодо иштеп беришкенин, президентке ишеним көрсөтүшкөнүн, бирок өлкөдө дале акыйкатсыздык болуп жатканын айтып нараазы болгон.

«[...] Өзүңүз билгендей, 2017-жылы президенттик шайлоодо өзүңүздүн кандидатураңызды койгондо, ушул топтолгон жигиттер салымыбызды кошконбуз. Күндү-күн дебей, түндү-түн дебей, колуңузга-кол, бутуңузга-бут болуп, биз жүгүргөнбүз. Ушул жигиттерге баш болуп Эмилбек Кимсанов жүгүрүп, сиздин [президент болууңузга] салымыбызды кошконбуз», – деген ал.

Кимсановдун тарапташтары менен катар эле президентке анын иниси Эмирбек Кимсанов да кайрылды. Бул анын Жээнбековго жолдогон экинчи кайрылуусу. Эмирбек өлкө башчысынан мыйзамсыз көрүнүштөрдү көзөмөлгө алууну суранды.

«Ушинтип коррупцияны айтып чыккан адамдарды куугунтукка алып камап, патриот жигиттерди жок кыла берсек Кыргызстанда кандай жашоо болот? Али Токтакунов ( “Азаттыктын” журналисти) , майор Камчыбеков (“көмүскө кербен” тууралуу иликтөөнүн маалыматчысы майор Айбек Камчыбеков) деген канчалаган жаш жигиттерибиз аргасыздан мамлекетин таштап кетип жатат», – деген Эмирбек Кимсанов

Жээнбеков 10-июнда Ош облусуна эки күндүк иш сапары менен келген. Ал июнь коогалаңынын 10 жылдыгына карата каза болгондордун жакындары менен жолугушуп, маркумдарды эскерүү иш-чарасына катышты.

Эмилбек Кимсанов деген ким?

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Санкт-Петербургдан кармалып, Кыргызстанга алынып келинген.

Ал ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевдин уулу Автандил Конгантиевди сабоого айыпталууда. Кимсанов өзү иш эки жыл мурда козголуп кайра жабылганын айтып келет. Ал Бишкектеги ТИЗО-1де кармалууда.

Жыл башынан бери Кимсановдун бошотулушун талап кылып президентке анын жубайы, бир туугандары да бир нече жолу кайрылган. Бирок президенттин басма сөз кызматы буга жооп бере элек.

Жээнбековго биринчилерден болуп Кимсановдун иниси Эмирбек кайрылган. Ал агасы Орусияга Матраимовдун тапшырмаларын аткарбаганы үчүн качканын айткан. Ал кабарлагандай, Эмилбек Кимсанов «Райымдын коррупциялык иштерине аралашпайм» деп баш тарткандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан коркутуулар түшкөн.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

2020-жылдын 9-апрелинде Кимсановдун жубайы Мария Заворотняя да президентке жардам сурап кайрылган. Ал «Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири» анын үй-бүлөсүн милиционерлер жана спортчулар аркылуу «өлүм менен коркутуп жатышканын» айткан. Кийинчерек Заворотняя соцтармактарга Кимсановдун видеосун жарыялаган. Ал тасмада Кимсанов Райымбек Матраимов «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Али Токтакуновду «тирүүбү-өлүүбү мага алып келесиңер» деген буйруктарды берген деп айткан.

Бул видео боюнча Райымбек Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов Кимсанов айткандары үчүн кудайдын астында да, мыйзамдын астында да жооп берсин деп билдирген. Мындан тышкары «Шайлоо астында мындан да укмуштуу, фантастика жанрдагы башка жомоктор чыгат» деген оюн айткан.

Ал эми ИИМден «Азаттыктын» бул видео боюнча катына Кимсанов 10-апрелде жактоочусунун катышуусунда суракка алынып, аталган тасма тууралуу көрсөтмө берген эмес деп ишендиришкен. Ал эми тергөө иштери Кимсанов жана анын жубайы министрликке расмий арыз менен кайрылганда гана жүргүзүлөөрүн маалымдашкан.