Самара облусунда 100дөн ашуун кыргызстандык мекенине келе албай турушат

Социалдык тармактарда 10-июлда Орусиянын Самара облусунан мекенине кете албай, талаада түнөп жаткан кыргызстандыктардын видеосу тарады. Анда чогулгандар мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, бул жактан тезинен алып кетүүнү суранышкан.

Видеодо сүйлөгөн аял бул жерде дээрлик 20 күндөн бери күндүн ысык-суугуна карабай турушканын билдирген.

«Бул жерде шарт жок. Эч жакка кете албай отурабыз. Урматтуу Сооронбай Жээнбеков бизди алып кеткиле, суранабыз, 100дөн ашык киши бар. Сөзсүз түрдө эле үйгө өлүп барыш керекпи? Биз кыйналып кеттик», — деп ал ыйламсырап президентке кайрылган.

Самарадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Акыл Кудуевдин «Клоопко» 16-июнда берген маалыматына ылайык, учурда кыргызстандыктар дагы деле турушат. Кудуевдин айтымында, чогулгандар артка кайтпайбыз деп жатышат.

«Учурда Самара менен Оренбургдун нейтралдуу аймагында 69 киши, Саратовдун чек арасында 35 киши турат. Аларга Оренбургдагы диаспоранын өкүлдөрү барып жардам берип келишти. Мен дагы 3-4 күн мурун барып келдим», — деди ал.

Кудуев андан сырткары М5 трассасынан жүк ташыган КамАЗдар өткөндүктөн алар дагы тамак-аш таштап кетип жатканын кошумчалады. Ошондой эле, талаада турган кыргызстандыктарды тийиштүү облустун укук коргоо органдары кайтарып турганын белгиледи.

Акыл Кудуевди учурда Самара менен Оренбург облустарында Кыргызстанга кетүүнү күтүп отурган мекендештер үчүн эч кандай шарт каралбаганын айтып, байланышуу дагы көйгөйлүү экенине токтолду. Себеби, телефондору өчүп, кубаттай турчу жер дагы жок. Жолдон ары-бери өткөн машиналар токтогондо 3-4 мүнөт заряддап алууга жетишет.

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен «Азаттыкка» аталган маселе алардын көзөмөлүндө экенин айтып, чечүү жолдору каралып жатат деп ишендиришкен.

Буга чейин Москвадагы кыргызстандыктар арасында июндан тарта чек ара ачылат деген сөздөр тараган. Автобус жалдап орус-казак чек арасын көздөй сапар алууга камынгандарды элчилик менен диаспоранын өкүлдөрү токтотуп калган. Активисттердин бири Кубанычбек Осмонбеков эгер бул жарандар жолго чыкканда чек арага дагы жетпей ара жолдо калмактыгын билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам Орусиядан көптөгөн кишилер Кыргызстанга келе албай жатышат. Себеби, чек аралар жабылып, жүргүнчүлөрдүн өтүүсүнө чектөө киргизилген. Ошентсе да Орусиядан Кыргызстанга акыркы эки айда 2 миңден ашык кыргызстандык учак, автобус менен кайтарылган. Жыл башына алынган соңку маалыматтарга ылайык, Орусияда 750 миңден ашык кыргызстандык эмгек мигранты бар.

Буга чейин да кыргыз өкмөтү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 500дөн ашык кишини Казакстандын аймагы аркылуу мекенине кайтарган. Андан сырткары бир нече авиакаттам уюштурулуп, анын айынан да ар кандай нааразычылык дагы чыккан. Алгач ирет Москвадан Бишкекке учкан учакта мурда айтылгандай кары-картаңдар, балалуу аялдар эмес жаштардын учуп кеткени көп талкуу жараткан.

Джон Хопкинс университетинин маалымдашынча, 16-июнга карата Орусияда 536 484 кишиден коронавирус табылып, 7 081 киши өмүрү менен коштошту.