Аравандын акиминен коронавирус табылды, ал бир апта мурда президент менен жолуккан

Араван району. Сүрөт: Фейсбуктан алынды

Ош облусунун Араван районунун акими Курбанбай Айтибаевден 18-июнда коронавирус аныкталып, ал учурда аймактык ооруканада дарыланып жатат.

Ал эми Араван мамлекеттик администрациясы обочого алынган жок, кызматкерлер кадимки күн тартибинде иштеп жатышат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдиргендей, акимдин дене табы 14-июнда көтөрүлүп, 17-июнда ооруканага кайрылган.

«Аким өпкө илдетин коронавирус менен ооругандар менен байланышта болуп жуктуруп алышы мүмкүн. Абалы жакшы. Учурда акимчиликтин кызматкерлеринен анализ алынып, биринчи анализдин жыйынтыгы таза чыкты. Ал эми акимдин милдетин биринчи орун басары аткарып жатат», — деди Кадырбекова.

11-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Араван районуна жашылча-жемиш өстүргөн фермердик чарбанын иши менен таанышууга барган. Иш сапары учурунда Жээнбеков беткапсыз жүргөн. Бирок Кадырбекованын айтымында, аким президент менен жолугууга чейин коронавируска анализ тапшырган жана ошол убакта андан COVID-19 аныкталган эмес.

Мындан мурда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев да коронавируска чалдыкканы маалымдалды. Мэр үй шартында дарыланып, дарыгерден онлайн түрдө кеңеш алып жатат.

19-июнга карата өлкө боюнча коронавирус 2789 адамга жукту. Ал эми COVID-19дун бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүчү 19-июнда катталды — 132. Ош облусу боюнча 274 киши өпкө илдетине чалдыгып, анын ичинен сегизи Араван районунун тургундарынан аныкталган.