«Абайлагыла!». Бишкекте пневмониядан 36 жаштагы милиционер каза болду

Материал 18:07де жаңыртылды

28-июнда кечке жуук Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери, ага лейтенант Бердибай Элакунов каза болду. Ал Бишкектеги улуттук госпиталда дарыланып жаткан.

Элакунов көз жумганын «Клоопко» Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айзада Кубатова тастыктады. Анын айтымында, маркум коронавирусту кантип жуктуруп алганы такталууда.

Ал эми Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын башчысы Улан Жумаков дарыгерлер Элакуновго пневмония диагнозун койгондугун жана анда коронавирус болуп-болбогондугун дарыгерлер тастыктай электигин айтат.

«Азырынча милиционердин өлүмүнө эмне себеп болгондугун так айта албайбыз, биз болгону каза болгондугун гана тастыктай алабыз», — деп түшүндүрдү Жумаков.

Буга чейин Элакунов ооруканада видео аркылуу кайрылуу жасап, коронавирустан сактанууну эскерткен болчу.

«Жигиттер, абайлагыла! Бул коркунучтуу оору, ошондуктан беткап тагынгыла. Бул жерде улуттук госпиталда бейтаптар толуп кетти, канчасын дагы албай жатышат. Шаарда коркунучтуу болуп жатат. Абайлагыла!» — деген маркум.

Милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүп, 2019-жылдын 29-майынан тарта Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери болуп иштеген.

Буга чейин 27-июнда ИИМдин Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Олег Запольский каза болгон. 39 жаштагы Запольский 3-4 күн үй шартында дарыланып, ооруканага келгенде ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Бирок Запольскийдин тапшырган анализинен коронавирус тастыкталган эмес.

29-июнга карата коронавирустун жаңы 269 учуру катталды, жалпы — 5017ге жетти. Бишкек шаарында өпкө илдетине 1915 киши чалдыгып, анын 896сы айыкты. Ал эми COVID-19дан борбор калаада алты адам көз жумду.