Бир суткада дагы 49 медкызматкерден коронавирус табылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 1-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус дагы 49 медицина кызматкеринен аныкталганын кабарлады.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 879га жетип, алардын 446сы өпкө илдетинен айыккан. Үч медицина кызматкери коронавирустан каза болду.

30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумду. Буга чейин Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева жана Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун фтизиатры Альберт Исмаилов каза болушкан.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1-июлга карата 5735ге жетти. Алардын ичинен 62си каза болуп, 2443 адам илдеттен айыкты.