«Парламентти Илмиянов тескеген». Жанар Акаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы тууралуу

Депутат Жанар Акаев «Кыргызстандагы заманбап парламентаризмдин тарыхындагы эң эле элге жакпаган» алтынчы чакырылышы тууралуу 24.kg басылмасына маек курду. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдарынын бири Сейтек Атамбаевдин атасынын үзөңгүлөшү Икрамжан Илмияновдун өзгөчө таасири тууралуу айткандарын бышыктады. «Клооп» окурмандардын көңүлүн депутаттын айткандарынын урунттуу учурларына бурат.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда парламентти Икрам Илмиянов тескеген. Депутаттар кайсы бир мыйзам долбоору тууралуу кандай добуш берүү керектиги боюнча көрсөтмөнү Илмияновдон алып турушкан. Бул ар кандай формада болчу. SMS жиберип, чалып же маектешүүгө чакырышы мүмкүн эле. Алмазбек Шаршенович кетип, Сооронбай Шарипович келди. Алар урушуп, Икрам бир эле күндө парламенттин куратору болбой калды. Анан ошол учурда бир мыйзам долбооруна добуш берүү керек эле. «Ак үйдөн» эч кандай көрсөтмө жок, депутаттардын көбү өзүн жоготуп, кандай добуш берип, эмне кылышты билбей калышты.

Сейтек Атамбаев: «Атамдын жакшы көргөн баласы Икрамжан болчу»

Добуш берүүдө кайсы позицияны «Ак үй» жактай турганын кантип түшүнүүгө болот деп шыбырашып жатышты. Атайылап спикердин жанынан ары-бери өтүп , кандайдыр бир жаңсоону кармап калууга аракет кылып жатышканын көрүп отурсаң, күлөсүң.

Биздин чакырылыш — Кыргызстандагы заманбап парламентаризмдин тарыхындагы эң эле элге жакпаганы болду, бул чындык. Азыркы чакырылыштагы кайсы бир депутаттар жакпай жатабы? Анда аларды кийинки шайлоодо колдобоңуз. Аларга, алар кошулган партияларга добушуңузду бербеңиз. Ошондо Жогорку Кеңештеги талкууларды көрүп отуруп уялгандан кызарбайсыз.

Депутат деген демилгелеген мыйзам долбоорунун санынын артынан чуркашы керек деп эсептебейм. Мыйзам чыгаруу — парламенттин үч функциясынын бири. Мен жана айрым кесиптештерим, мисалы, Наталья Никитенко беш жыл бою бир катар мыйзам долбоорлорун өткөрбөй коюу үчүн күрөштүк. Адатта бул өзүңдүн мыйзамыңды демилгелегенден алда канча кыйынга турат. Баары оңунан чыгып, биз дайым жеңишке жеттик дей албайм. Бирок коомдун көңүлүн буруп жаттык.

Өткөн беш жылдагы менин миссиям — элге чындыкты айтуу болду. Мисалы, ун чыгаруу тармагынын парламент ичиндеги лоббиси менен «тегирменчи» магнаттар 2025-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду. Башкача айтканда, 5 жылга. Бул мыйзамдан улам казына дээрлик миллиард сомдон кур калат. А бюджетте дайыма тартыштык бар. Же болбосо Суу кодексине өзгөртүүлөрдү алалы. Бийлик биздин мөңгүлөрдү талкалоо үчүн берип салбадыбы. 2017-жылы ноябрда бул өзгөртүүлөрдү президенттик аппарат түрткүлөп жатты. Бул толугу менен элге каршы демилгелер.

*2017-жылы ноябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев «Кумтөр» компаниясына Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тынымсыз иш жүргүзүүгө мүмкүндү берген Суу кодексине киргизилген түзөтүүлөргө кол коюп берген. Укук коргоочулар менен экологдор мөңгүлөрдү сактоо үчүн бир нече жолу митингдерге чыгышкан. Алар «Кумтөрдүн» ишмердиги мөңгүлөрүнүн ээришин тездетүүгө алып келиши мүмкүн деп билдиришкен.

Же жакынкы эле радиожыштыктарга байланыштуу чатакты алалы. Бул да миллиарддаган сомдор.

Мен өзүмдү баатыр деп эсептебейм. Эгер ошондо [аны партияга каршы барганы үчүн КСДПдан чыгарып салышканда] принциптеримден тайсам, анда өзүмдү сыйлабай калмакмын. Чынын айтсам, ошол 2017-жылдын 24-мартында КСДП фракциясынан четтетишпесе да, бул иш эртедир-кечтир болмок.

Мен ал жакта дайыма жат элем. Фракциядагы көпчүлүк мага ишенимсиз карачу. Эмнегедир мени мурдагы журналист катары маалыматты ММКларга «жеткирип» коёт дешчү. Айрыкча, фракциянын кандайдыр бир жабык жыйындарында.

Депутаттын курган маегинин кыргызчасы jebe.media басылмасынан алынды.