Ош мэриясы Ак-Бууранын жээгиндеги жер тилкелерин оюн-зоок жайларды куруу үчүн ижарага берет

Ак-Буура дарыясынын жээгинин эскиздик долбоору. Сүрөт: Ош мэриясы

Ош шаардык мэриясы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги муниципалдык жер тилкелерин жеке менчикке жана ижарага берүү үчүн ачык аукцион өткөрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Алишер Навои көчөсүндө жайгашкан «Достук» көпүрөсүнөн баштап, Рыспай Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан көпүрөгө чейинки жалпы аянты 6,5 гектарга жакын жер жеке ишкерлерге 14 бөлүккө бөлүнүп – оюн-зоок жайларын, спорт комплекстерди жана жашыл майдандарды куруу үчүн берилет.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Пирматовдун айтымында, мындай чечим шаарды көрктөндүрүү жана калаанын казынасын арттыруу үчүн кабыл алынган.

«Баш аламандыктар болбойт. Жаңы оюн-зоок жайлары курулат. Курулуш иштеринин жүрүшүндө бар болгон бак-дарактар максималдуу түрдө сакталып калынат. Жашылдандыруу иштеринин жүрүшүндө түрдүү дарактар эгилет», – деди ал.

Пирматов, калаада биринчи жолу мындай ачык аукцион өткөрүлүп жатканын белгилелди.

Ак-Бууранын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар

Шаардык мэрия, аталган дарыянын жээгинде 400дөй мыйзамсыз объект бар экенин айтып, аларды алып салуу үчүн эскертүү берилгенин билдирген. Мыйзамсыз курулушту бузбаган жарандардын иши сотко өткөрүлүп берилген.

Мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы учурдагы долбоор башталган тилкелерде мыйзамсыз курулуштар жок экенин айтты.

Ал эми 2018-жылдын башында Ак-Буура дарыясынын үстүнө жайкы сахна курулган. Сахнаны «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясы 16 млн 400 миң сомго салган.

Бирок шаардык кеңештин депутаты Бекболот Арзибаев курулушу 2017-жылдын сентябрь айында башталып, алты айда бүткөрүлгөн объектти абалы начар болгон үчүн сыңдап, курулган сахнаны кабыл алган жетекчилерди жоопко тартууну сунуштаган.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов маселени карап чыгуу үчүн комиссия түзүлөөрүн убадалаган.