Сузакта аялын кордогон киши 2 жылга шарттуу кесилип, сот залынан бошотулду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда аялын кордогон киши 2-июлда сот залынан бошотулду. Бул тууралуу «Справедливость» укук коргоочу уюмунан билдиришти.

Уюмдан маалымдашкандай, айыпталуучу 2 жылга шарттуу кесилген.

Буга чейин 12-июнда социалдык тармактарда аялынын моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, колун артына байлап, үстүнө чакалап суу чачып, бетке чаап жаткан кишинин видеосу тараган.

Окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, соцтармактардын колдонуучулары зордукчу жазасын алуусун талап кылышкан. 14-июнда бул боюнча @tajadymm инстаграм баракчасында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы миңдеген адамдын катышуусунда онлайн-митинг да өткөн.

Ошондой эле жарандык активисттер 15-июнда сузактык аялды колдоп, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында зомбулукка каршы пикетке чыгышкан. Бирок тынчтык акция милиция кызматкерлери тарабынан таратылган. Укук коргоо органдары муну «өлкөдө эпидемиологиялык абал оор бойдон калып атканы» менен негиздешкен.

Активисттер карантиндик эрежелерди бузбоо үчүн бир кишилик пикетке чыгууну улантышкан.

Маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутат Исхак Пирматов үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштаган. Ал иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка жана корук катынын шарттарын аткарбоого шектелгендер жада калса тараптар элдешкен учурда да жоопкерчиликтен кутулуп кете алышпайт.

18-июнда мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылып, ага 68 гана депутат добуш берген.

Ал эми жабырлануучу тосмо арыз жазып, «жолдошун кечиргенин» айткан. Бирок милиция буга карабастан тергөөнү улантып, 19-июнда иш сотко өткөрүлүп берилген болчу.

«Мен каякка барам?». Сузакта зомбулукка кабылган аял күйөөсүн бошотууну суранууда