Баткен: COVID-19га чалдыккан бейтап ооруканадан качып, үйүндө каза болду

Баткен шаары

Баткен шаарында коронавирус жуктурган 56-жаштагы бейтап 8-июлда каза болду. Бир күн мурда ал илдеттен толук сакайбастан, ооруканадан качып кеткен. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтап 2-июль күнү Бишкек шаарынан Баткенге келген. Анын коронавируска тапшырган ПЧР-анализи оң жыйынтык көрсөтүп ошол күндөн тарта аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.

«Ооруканадан качып кеткенден кийин Баткен ШИИБинин милиционерлери медицина кызматкерлери менен биргеликте бейтаптын жашаган үйүнө барган учурда, ал ооруканага жатпастыгын билдирип, келген топтун бир канча эскертүүсүнө баш ийгиси келген эмес. Медицина кызматкерлери айласы кеткендиктен үй шартында да дарыланса болот деген жыйынтыкка келишкен», — деп билдирди Юсупова.

Милиция аталган факт боюнча Жоруктар кодексиндеги «Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Бирок шектүү анын эртеси күнү кайтыш болду.

Расмий маалыматка ылайык Баткен облусунда коронавирус жуктурган эки бейтап кайтыш болду. Ал эми жалпы Баткен облусу боюнча COVID-19дун 213 учуру катталган — алардын 60ы илдеттен айыкты.