КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков пневмониядан айыкты

Илим Карыпбеков

Кыргыз телерадиокомпаниясынын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков пневмониядан жети күн дарыланып айыккандан кийин ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу өзү социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Колдооңуздарга, жакшы сөз, каалоо-тилектериңизге ыраазычылык билдирем. Мен пневмониядан айыгып чыктым. Ынтымакта, бирге буйруса бул замандан дагы жеңүүчү болуп чыгабыз!» — деп жазды ал.

Карыпбеков буга чейин 2-июлда пневмонияга кабылып, өпкөсүнүн 56%ы жабыркаганын билдирген.

Март айынан бери пневмонияга чалдыккан 310 бейтап көз жумду. Алардан COVID-19 илдети тастыкталган эмес.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан. Анткен менен коронавирус менен пневмония боюнча статистика ар башка жүргүзүлүүдө. Мунун себебин Саламаттык сактоо министрлиги пневмонияга чалдыккандардын COVID-19га жасалган анализи терс жыйынтык көрсөтүп жатканы менен түшүндүрүп келет.