Баткенде коронавирустан милициянын капитаны Хасан Абдуллаев акка моюн сунду

Хасан Абдуллаев

13-июлда Баткен шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы, милициянын капитаны Хасан Абдуллаев 49 жашында каза болду. Маркумдан буга чейин коронавирус аныкталган.

«Ал өмүр бою ички иштер кызматында эмгектенип, өмүрүн өлкөбүздүн коопсуздугуна арнады. Жалпы элибиздин, мамлекетибиздин башына келген оор кырдаалда тыным албай, күнү-түнү эмгектенди», — деп жазылат Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүгүнүн маалыматында.

Ал эми Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахманов Абдуллаевдин мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгонуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айткан.

«Кызматтык милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарды. Тилекке каршы бул кооптуу илдетке кабылып, көрүлгөн аракеттерге карабай оо дүйнө салды. Өкүнүчтүү, элибиз чыныгы мекенчил, эл жер үчүн кызмат кылган, мыкты уулубуздан ажырады», — деген Абрахманов.

14-июлга карата Баткен облусунда 355 кишиден коронавирус аныкталган, анын 15и Баткен шаарында катталды. Ал эми коронавирус жуктуруп каза болгондордун саны — 5, оорудан 97 киши сакайды.

Буга чейин 9-июлда Ош шаарында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров дагы коронавирустан каза болгон. Ошондой эле 28-июнда Бишкек шаарындагы Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ага лейтенанты Бердибай Элакунов көз жумган. Ал Бишкектеги улуттук госпиталда дарыланып жаткан убакта видеокайрылуу жасап, коронавирустан сактанууну эскерткен болчу.