Ооруканадан сырткары пневмониядан экс-депутат Жанкороз Каниметов дүйнө салды

Каракол шаардык мэриясы 14-июль күнү оорукандан сырткары пневмониядан экс-депутат Жанкороз Каниметов кайтыш болгонун кабарлады.

Жанкороз Каниметов 70 жаш курагында дүйнө салды. Ал Жогорку Кеңештин үч чакырылышында депутат болгон. Маркум Караколдогу мамлекеттик педагогикалык институтту жана Кыргыз улуттук университетин окуп аяктаган.

Ал Кыргыз ССРнин, СССРдин билим берүү тармагынын отличниги жана Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими наамдарына татыган.

Ошондой эле ал Кыргызстандын «Мугалимдердин статусу», «Билим берүү» жана «Жалпы орто билим берүү жөнүндө» мыйзамдарынын автору болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы саны 11 977ге жетти. Стационарларда 645 бейтап дарыланууда жатат. 3 660 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталган күндөн бери коронавирустан 160 адам дүйнө салды.

Март айынан бери республика боюнча ооруканадан сырткары пневмониядан 571 адам каза болду.