Коронавирусту жуктургандардын 71 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова COVID-19дан дагы 900 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын дээрлик жарымы Бишкек шаарында катталды — 412 учур.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунан — 233, Ош облусунан — 54, Жалал-Абад облусунан — 52, Ош шаарынан — 50, Чүй облусунан — 41, Баткен облусунан — 34, Нарын облусунан — 18 жана Талас облусунан алты бейтап айыкты.

Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 25 891ге жетти — илдет жалпысынан 36 299 адамда аныкталган. Айыккандардын арасында 52 медкызматкер бар.

Ооруканаларда 9 173 адам дарыланып жатат. Илдет жалпысынан 1 397 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.