Өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын саны 1409га жетти

Иллюстративдик сүрөт

Акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы 12 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб 2-августта билдирди.

Коронавирустан каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында катталды. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда үч, Чүй облусунда эки, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап кайтыш болду.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 409 киши көз жумду — алардын арасында расмий түрдө 73 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны 36 719га жетти — өткөн суткада жаңы 420 учур катталды. Ал эми жалпысынан 27 274 киши илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.