COVID-19 дагы 20 медицина кызматкеринде аныкталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 5-августта COVID-19 жуктурган дагы 20 медкызматкер катталганын кабарлашты. Ал эми акыркы сутка ичинде төрт медик сакайып, үйлөрүнө чыгарылды.

Коронавирусту жуктуруп алган медиктердин эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — жети. Ошондой эле Ош облусунда — беш, Ош шаарында — төрт, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда — экиден медик коронавируска чалдыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 2 874кө жетти, 1934 медкызматкер илдеттен айыкты. Өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Өкмөт иш убагында коронавирусту жуктурган медиктерге 200 миң сом, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация төлөп берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен 3-августта билдиргендей, иш убагында коронавируска чалдыккан төрт медкызматкерге 200 миңден кун төлөнгөн, ошондой эле дагы 40 медкызматкерге компенсация төлөө маселеси каралып жатат. Бирок буга чейин оору жуктурган 41 медикке компенсация төлөнүп берилгени белгилүү.

Ошондой эле, өкмөт COVID-19дан каза болгон эки медиктин — Кара-Кулжалык фтизиатр Альберт Исмаиловдун жана Бишкектеги Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын — үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон компенсация төлөп берген.

Мындан сырктары 3-августа Саламаттык сактоо министрлиги пандемия башталгандан тарта медиктерге кошумча акы төлөө үчүн 807 млн сом жумшалганын билдирген.

5-августка карата COVID-19ду жуктуруп алган кишилердин саны 38 110го жетти. Алардын ичинен 29 509 бейтап айыгып, 1 438 киши каза болду.