Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын жарым-жартылай жандандырды

Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги 5-августта «Түркия аба жолдору» авиакомпаниясы Стамбул — Бишкек — Стамбул багыты боюнча аба каттамдарын жандандырганын кабарлады. Алар бир жумада эки жолу каттап турушат.

Бирок, Стамбул — Бишкек багыты боюнча бир гана Кыргызстандын жарандары уча алат. Негизинен чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Түркиянын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган, бирок өзгөчө учурларда уруксат берилет. Алар төмөнкүлөр:

  • дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө;
  • дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн сурамдарындагы чет өлкөнүн жарандарына (өзгөчө W1 жана W2 виза ээлерине);
  • чет мамлекеттердин жарандары болгон расмий делегация мүчөлөрүнө;
  • Кыргызстанда эмгек визасына ээ болгон чет өлкөлүк жарандарга;
  • Кыргызстандын жарандарына жакын тууган болгон чет өлкөлүк жарандарга;
  • жүк ташуучуларга;
  • учкучтар менен машинисттерге.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Түркиянын аймагына кирүү үчүн кыргыз жарандарынан ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт жана аларга карата карантин колдонулбайт.

Кыргызстан башка өлкөлөрдөй эле коронавирус пандемиясынан улам март айында чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон — алар 5 айга чукул убакыттан бери иштебей келет. Бирок «Манас» аэропорту жүк жана чартердик рейстерди тейлеп жатат. 8-июндан тарта Кыргызстанда бардык ички авиарейстер иштеп баштаган.

29-июлда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Орусия жана БАЭ өлкөлөрүнө августтан тарта авиа каттамдарды ачып, жумасына бир нече каттам уюштурууну сунуштаган. 3-августта бул өлкөлөр авиа каттамдарды азырынча жандандыруудан баш тартканы белгилүү болгон.

Мурдараак премьер-министр Кубатбек Боронов эпидемиологиялык кырдаал турукташса, биринчи кезекте Орусия, Түркия жана БАЭ менен авиакаттамдар жанданаарын билдирген.