ССМ: Сасык тумоого каршы эмдөө күз мезгилинде жүргүзүлө баштайт

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалынын жетекчиси Айнура Акматова

Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалынын жетекчиси Айнура Акматова 6-августтагы брифингде сасык тумоого каршы эмдөө үстүбүздөгү жылдын сентябрынын аяганда жүргүзүлө баштаарын билдирди.

Акматованын айтымында, алгач вакцинаны тобокелдик тобуна кирген жарандар алышат. Алардын саны өлкө боюнча 700 миңден ашат.

«Сасык тумоого каршы акысыз вакцинаны алгач 65 жаштан жогорку жарандар, кош бойлуу аялдар, интернатта жана балдар үйүндө тарбияланып жаткан жаш балдар, өнөкөт оорулары бар бейтаптар жана медицина кызматкерлери ала алышат», — деп билдирди Акматова.

Ошондой эле ал күз жана кыш айларында күч алуучу сасык тумоону алдын алуу үчүн 111 миң доза вакцинага тендер өткөрүлүп, келишим түзүлгөнүн кошумчалады. Мындан сырткары министрлик 2020-жылы пандемияга байланыштуу аталган вакцинага кошумча 700 миң доза алууга билдирме даярдалганын айтты.

Акматованын айтымында, жарандардын сасык тумоого каршы эмдөөнү жеке менчик медициналык борборлорунан да акы төлөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан бир күн мурун премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде сасык тумоого каршы вакциналардын баасы алгылыктуу болоорун билдирген. Ошондой эле ал эмдөө ыктыярдуу болоорун кошумчалаган.