ДССУ: COVID-19га каршы алты вакцина клиникалык сыноонун 3-баскычынан өтүп жатат

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Гебрейесус 6-августта Женевада өткөн брифингде COVID-19га каршы алты вакцина клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасынан өтүп жатканын билдирди. Алардын баары буга чейин эки баскычтан ийгиликтүү өтүп, биринчи жолу дени сак адамдарга колдонулат.

ДССУнун өкүлү Майк Райндын айтымында, мындай аракеттер вакцина организмди инфекциядан коргой алар-албасын билүү үчүн жасалууда.

«Бирок клиникалык сыноолордун үчүнчү фазасы вакцина дээрлик даяр болуп калганын билдирбейт. Азыр алар дени сак адамдар менен сыналат жана бул башталышы эле», — деди ал.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 160тан ашуун вакцина бар, алар иштеп чыгуу баскычында. Райндын айтымында, клиникалык изилдөөлөрдүн буга чейинки эки фазасы вакцина адам организминен иммундук жооп пайда кылышын камсыздоого багытталган.

Адатта, вакциналарды медиктер колдонуп баштаардан мурда жылдап созулган изилдөөлөр жана сыноолор талап кылынат.

Бул шилтеме аркылуу өтүп, учурда дүйнө жүзүндө өткөрүлүп жаткан коронавируска каршы вакциналардын сыноолорунун жыйынтыктарын карап көрүүгө болот.

Жалпысынан дүйнө жүзү боюнча коронавируска каршы 28 вакцина клиникалык сыноолордон өтүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата, дүйнө боюнча коронавирус жуктуруунун 19 миллиондон ашуун учуру белгилүү. Каза болгондордун саны 700 миңден ашат.

«Коронавирус бир дагы өлкөнү айланып өткөн жок. Киреше деңгээли төмөн, орто жана жогору болгон баардык мамлекеттер катуу жапа чекти», — деп билдирди ДССУнун башчысы.

Кыргызстанда 7-августка карата COVID-19га чалдыккандардын саны 39 162 адамга жетти. Алардын 1451и илдеттен каза болду.