Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 39 162ге жетти — жаңы 503 учур катталды

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Республикалык штабдан 7-августка карата коронавирустун жаңы 503 учуру катталганын кабарлашты — алардын арасында 17 медкызматкер бар.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

  • Бишкек шаары — 125;
  • Ысык-Көл облусу — 81;
  • Ош облусу — 74;
  • Жалал-Абад облусу — 53;
  • Ош шаары — 51;
  • Баткен облусу — 47;
  • Талас облусу — 35;
  • Чүй облусу — 28;
  • Нарын облусу — 9.

Мындан сырткары илдеттен өткөн суткада 665 бейтап айыгып, төрт киши каза болду.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 39 162ге жетти — алардын арасында 2 928 медицина кызматкери бар.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 30 764ү айыгып, 1 451 киши каза болду. Бүгүнкү күндө 7 024 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Эң көп бейтап Бишкек шаарындагы ооруканаларда дарыланып жатат — 2 789. Ошондой эле, Ош облусунда — 1 112, Чүй облусунда — 673, Ысык-Көл облусунда — 655, Жалал-Абад облусунда — 581, Ош шаарында — 577, Баткен облусунда — 366, Талас облусунда — 143 жана Нарын облусунда — 128 киши коронавирус менен күрөшүүдө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.