Кыргызстанда дагы 11 медикке коронавирус жукту, 37 медкызматкер оорудан айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 10-августка карата бир суткада коронавирус дагы 11 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады. Ошондой эле, акыркы суткада 37 медкызматкер илдеттен айыкты — алардын 31и үй шартында дарыланган.

COVID-19га чалдыккан медиктердин төртөө Баткен облусунда, үчөө Жалал-Абад облусунда, экөө Ош шаарында катталды. Ошондой эле Нарын жана Чүй облустарында бирден медкызматкерде коронавирус аныкталды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 2 959га жетти — бул жалпы оорулуулардын 7 пайызы. Ал эми жалпысынан 2 178 кызматкер илдеттен айыкты.

Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун пандемиясы өлкөгө жеткенден тарта илдет менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге каралган кошумча төлөмдөргө 807 млн 200 миң сом жумшалганын билдирди.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.