«Логикага туура келбейт». Ошто сейил бактар жабылып, кафелердин иш убактысы узартылды

Навои атындагы сейил бак

Ош шаардык Жарандык коргонуу штабынын чечимине ылайык, калаадагы тамактануучу жайлардын иш убактысы түнкү саат 12ге чейин узартылды.

Ошол эле учурда штаб сейил бактарды жана аянтчаларды карантинге жапты. Бирок факт түрүндө парк жана аллеяларга кирүүгө чектөөлөр бир ай мурун эле киргизилген.

«Санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышын көзөмөлдөө менен коомдук жайларда коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында, Навои жана Токтогул атындагы сейил бактар, жана башка парктар, аянтчалардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилбейт», — деп билдирди Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Коронавирус боюнча кеңеш берген 118 колл-борборунан «Клоопко» билдиришкендей, сейил бактарды жабуу жана тамактануучу жайлардын иш убактысын узартуу «логикага туура келбейт».

«Тескерисинче адамдарга сейил бактар жана аянтчалар керек — алар ал жерде басып, таза абада дем алышы керек. Кафе жана клубдарда адамдар илдетти көбүрөөк жуктуруп алышат», — деп түшүндүрдү медиктердин бири.

Буга чейин тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүнө кечки саат 10го чейин уруксат берилген болчу. Анткен менен шаардык бийлик эпидемиялогиялык абал оор бойдон калганын эскертишет.

11-августка карата Ош шаарында коронавирустун жалпы 3 223 учуру катталды. Ооругандардын 2 598и айыгып, ал эми 123 бейтап каза болду.