Ош: Эс алуучулар бири-бирин куткарам деп жатып каза болушту

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарындагы Манас-Ата аймактык башкармалыгындагы Яккалик каналына 11-августта 61 жана 60 жаштагы эркек кишилер чөгүп кетти. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБинен маалымдашты.

Мекеменин басма сөз катчысы Абсаттар Табакаловдун айтымында, маркумдар аталган аймакта эс алып жатышкан.

«Алардын бири кокусунан сууга түшүп кетип, экинчиси аны куткарам деп экөө тең чөгүп кетишкен. Алардын сөөгү ошол эле күнү кечке жуук табылды», — деди ал.

Табакалов маркумдун жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тарткандыктан, ал үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Окуя «Кокустук» беренеси менен катталып, ШИИБдин кызматкерлери тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Акыркы бир айдан бери сууга чөгүп каза болгон жарандардын саны өстү — алардын көбү жаш балдар.

Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерде чөмүлүүгө тыюу салып, ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону суранууда.