COVID-19дан айыккан бейтаптардын саны 33 027ге жетти

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 12-августта COVID-19дан дагы 263 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында 30 медкызматкер бар.

Жаңыдан айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 63. Ошондой эле Ысык-Көл облусунан — 55, Жалал-Абад облусунан — 32, Чүй облусунан — 28, Талас облусунан — 26, Ош шаарынан — 24, Бишкек шаарынан — 14, Баткен облусунан — 13 жана Нарын облусунан сегиз бейтап айыкты.

Өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 33 027ге жетти, ал эми илдет жалпысынан 40 759 адамда аныкталды. Айыккандардын арасында 2 242 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 6 443 адам дарыланып жатат. Коронавируска чалдыккан жалпы 1 484 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.