Коронавирус жуктурган медиктердин саны 3 059га жетти

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августка карата COVID-19 дагы 14 медициналык кызматкерден аныкталганын кабарлады.

Илдетке чалдыккан медиктердин алтоосу Баткен облусунда катталды. Ошондой эле, Жалал-Абад жана Чүй облустарында үчтөн, Чүй облусунда жана Ош шаарында бирден медкызматкерде коронавирус аныкталды.

Мындан сырткары, акыркы суткада тогуз медкызматкер илдеттен айыкты, алардын жетөө үй шартында дарыланган.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алган медиктердин жалпы саны 3 059га жетти — алардын 2 372си илдеттен айыкты. Мындан сырткары коронавирус жана пневмонияга чалдыккан ондогон медик каза болду — өкмөт 30-июлда 73 медкызматкер каза болгонун маалымдаган.

Инфекцияга чалдыккан медиктер 200 миң сом, ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөлөрү 1 млн сом компенсация алууга укуктуу. Бирок акча кимге берилерин атайын комиссия чечет.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун пандемиясы өлкөгө жеткенден тарта илдет менен күрөшкөн медициналык кызматкерлерге каралган кошумча төлөмдөргө 807 млн 200 миң сом жумшалганын билдирген.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.