Бишкекте COVID-19 жуктурган бир киши каза болду

Республикалык штабдан 24-августта кабарлашкандай, акыркы суткада COVID-19га чалдыккан бир бейтап көз жумду. Ал Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде даарыланып келген.

Жалпысынан Кыргызстанда илдеттен 1 057 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясына жана ал пайда кылган ооруканадан сырткаркы пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен. бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайтты. Себеби, айрым бейтаптар башка оорулардан көз жумганы белгилүү болгон.

Министрлик 30-июлда коронавирус жуктуруп кайтыш болгондордун арасында 73 медкызматкер бар деп маалымдаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 43 126 учуру катталды. Ооругандардын 36 615и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.