Бир суткада коронавирустун жаңы 128 учуру катталып, 234 бейтап айыкты

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августка карата коронавирустун жаңы 128 учуру катталганын кабарлады, алардын ичинде 47 учур лабораториялык тастыкталган. Ооруга чалдыккандардын арасында жети медкызматкер бар.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Жалал-Абад облусу — 27 (3 медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 24;

Баткен облусу — 21 (2 медкызматкер);

Бишкек шаары — 18 (1 медкызматкер);

Ош облусу — 14;

Чүй облусу — 12 (1 медкызматкер);

Талас облусу — 6;

Нарын облусу — 3.

Ош шаары — 3.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 234 бейтап айыкты. Айыккандардын арасында 15 медкызматкер бар — алардын 11и үй шартында дарыланган.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 104. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда — 32, Ош облусунда — 25, Ысык-Көл облусунда — 22, Чүй облусунда — 20, Баткен облусунда — 14, Ош шаарында — 10, Талас облусунда төрт жана Нарын облусунда үч бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 43 587ге жетти. Алардын ичинен 37 726 бейтап айыгып, 1 058 киши дүйнө салды.

Бүгүнкү күндө COVID-19 менен ооруган 810 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Мындан сырткары 4 744 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.