«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы парламенттик шайлоого жаңыланган курам менен аттанып жатат. Анын катарына бир нече партиялар жана саясатчылар кошулду. Бирок көп өтпөй жаңыдан кошулган талапкерлер жана партиянын айрым мүчөлөрү «Бүтүн Кыргызстандан» чыкканын ачыкташты. Алардын катарында «Ак шумкар» партиясынын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариев жана экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да бар.

Партиядан кеткендер анын себебин «принциптердин бузулушу» менен жана «бекитилген тизменин өзгөртүлүшү» менен байланыштырышат. Бакир уулу тизме боюнча БШКга арыз жазганына байланыштуу бул маселе мекеменин жалпы жыйында каралмай болду.

«Клооп» «Бүтүн Кыргызстандын» айланасындагы жаңжалды изилдеп, партиянын өкүлүнөн жана саясат таанучулардын пикирлерин чогултту.

Бакир уулу БШКга кайрылды, Сариев шайлоого катышпайт

Аталган партия Жогорку Кеңештин депутатына талапкерлердин тизмесин 19-августта съезд өткөрүп бекиткен. Сариев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде төртүнчү болгон — анын алдында партиянын лидери Адахан Мадумаров, ишкерлер Айгүл Сатарова жана Орозайым Нарматова турган. Бирок Сариев 23-августта өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу парламенттик шайлоого катышпай тургандыгын билдирген.

«Эч кимди күнөөлөбөймүн, күнөө менде, менин принциптеримде [...] Мага ишенген, мени колдоп келген мекендештеримен, партиялаштарымдан кечирим сурайм. Кечирип койгула», — деген Сариев.

Ал эми Бакир уулу 25-августта басма сөз жыйын куруп, аны партиянын тизмесинен чыгарып салышканын айткан. Экс-депутат БШКга съездде бекитилген тизме өзгөртүлүп берилгенин билдирген. Анын айтымында, ал алгач 13-орундан 22-орунга түшүп калган, кийин такыр эле тизмеден чыгарылган.

Ошондой эле, Бакир уулу тизмедеги мурдагы орунуна кайтуу үчүн андан 200 миң АКШ долларын сурашканын айтып чыкты. Экс-депутат Мадумаровдон талапкерлердин мурдагы тизмесин кайтарууну талап кылууда.

«“Таза эмес” адамдар келди. Принциптер бузулду»

«Бүтүн Кыргызстан» партиясында он жылга чукул мүчө болуп жүргөн Динимухамед Ыбырайымовдун айтымында, ал партиядан лидер Адахан Мадумаров менен тизме түзүүдө пикири келишпей калгандыктан чыккан. Ошондой эле, партияга «таза эмес» адамдардын келиши, «тазалык, актык» деген принциптердин бузулганын билдирген.

«Азыркы Шайлоо кодексинде арызды талапкерлер өздөрү жазып, анан кол коюшу керек экен. Бул жакта болсо сыртта жүргөн талапкерлердин ордуна башкалар жазып, кол коюп, мыйзам бузуп жатышты. Юрист экөөбүз бул тууралуу айтсак, өздөрү менен байланышып жаздык деп коюшту. Ал канчалык чын экенин биз билбейбиз. Аны БШК тактап берет», — деп түшүндүргөн Ыбырайымов.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын дагы бир мүчөсү Мирзахит Мырзаев да «белгилүү бир себептерден» улам кеткенин фейсбук баракчасына жарыялаган.

«Чындык, принцип, идеологиялык баалуулуктар деп кошулган партиядан кетүү тууралуу чечим кабыл алуу мага өтө оор болду...», — деп жазган ал.

Ошондой эле, Мырзаев партиядан чыгуу оңой болбогону менен, туура чечим кабыл алганын белгилеген. Бирок мындай чечимге эмне түрткү болгонун ачыктаган эмес.

«“Бүтүн Кыргызстанды” каралоо аракети жүрүп жатат»

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү Айданбек Акматов акыркы убакта партиядан чыккандар партиянын мүчөсү болгон эмес деп билдирди. Ошондой эле, ал партиянын айланасында болуп жаткан окуяларды «каралоонун элементтери» деп эсептейт.

«Биз бийлик системасындагы кемчиликтерди, бийлик өкүлдөрү кетирип жаткан катачылыктарды ачык айтып сындап келгенбиз. Ошого азыркы бийлик бизге кастарын тигип калган, ошон үчүн да бийлик бул партия өтпөсүн деп жең ичинен чечим кабыл алышкан. Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болуп же партияга бирөөлөр кирип кайра чыгып кетсе, ошолорду уу-дууга салып, өзүнүн куралдары менен каралоо акциясын жүргүзүп жаткан учурлары», — дейт Акматов.

Мындан сырткары Акматов партия өткөргөн курултайда талапкерлерге тизме мисал катары берилген деп ишендирди. Анын айтымында, Турсунбай Бакир уулунун болжолдуу вариантты тизме деп атаганы туура эмес.

«Варианттар көп болгон. Лидер [Адахан Мадумаров] өзү да кеңеш салып, анан ар биринен сенин көз карашың боюнча тизме кандай болуш керек деп, мисалы жаштар көп болгону жакшыбы же дагы башка деп сураган. Регионалдык баланстар да сакталышы керек деп каралган», — дейт Акматов.

Серепчилер эмне дейт?

Саясат таануучу Марс Сариев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан башка талапкелердин чыгып кетүүсүнө Бакир уулунун билдирүүсү негиз болгон деп эсептейт. Мындан сырткары Сариев «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан айырмаланып «Бүтүн Кыргызстан» «бийликтики болбогондугу» да талапкерлердин партиядан чыгуусуна түрткү болду деген ойдо.

«Бул инцидент “Бүтүн Кыргызстандын” алдыңкы ондугунда тургандар 200 миң АКШ доллардан беришкен деген жыйынтыкка алып келип жатат. Бул окуя коомчулукка чыгып кеткенден кийин партиянын рейтингине доо кетти, талапкерлер партиядан чыгууну жана Мадумаровдон акчаны кайтарууну талап кыла башташты», — дейт серепчи.

Ошондой эле, Сариев аталган партиянын катарына жаңы талапкерлердин кошулушу партия принциптерин өзгөрттү дегенге жатпай турганын белгиледи. Анын айтымында, партиядан талапкерлердин чыгышына принциптер эмес, каржылык пикир келишпестик себеп болгон.

Ал эми саясат таануучу Эмил Жураев билдиргендей, Кыргызстандагы партиялар туруктуу принциптерди кармана алышпайт. Анын айтымында, аталган партиянын лидери Адахан Мадумаров шайлоо жакындаганда ар кандай даражалуу, бутуна туруп калган саясатчыларды партиясына тартканы менен, аларды кармап кала алган жок.

«“Бүтүн Кыргызстан” кайсы бир деңгээлде өзүнүн принциптерин карманып жаткандыр. Бирок партиянын мүчөлөрүнүн баары карманат деп айта албайм. Бир эле Мадумаров. Ал эми аталган партияга башка жаңы адамдардын кошулуп жаткандыгы бул факт. Албетте мындай кошулууларда пикир келишпестик, ойлордун ажырымы сөзсүз болот. Бирок партиянын лидерлери мындай маселеде чечкиндүү болушу керек», — деди Жураев.

Мындан тышкары ал партиялар үчүн ызы-чуунун чыгышы аларга кайсы бир деңгээлде пайда алып келет деп эсептейт. Ошол эле учурда Жураев талаш-тартыштар шайлоочулардын партияга болгон ишенбестигин жаратат деген ойдо.

«Бүтүн Кыргызстандын» алдыңкы тизмесинде кимдер бар?

Партия 19-августта болуп өткөн 13-курултайынан кийин парламенттик шайлоого көч баштап бара турган жети талапкердин тизмесин ачыктаган. Алардын ичинде партиянын лидери Адахан Мадумаров, ишкерлер Айгүл Сатарова жана Орозайым Нарматова, экс-депутат Исхак Масалиев, Коопсуздук Кеңештин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев жана ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов бар. Темир Сариев да тезмеде 4-орунда турган.

«Бүтүн Кыргызстан» — парламенттин мурдагы спикери Адахан Мадумаровдун партиясы. Партия шайлоого дайыма катышып келет. Мындан тышкары, Мадумаров президенттик шайлоого да катышкан, бирок акыркы шайлоодо Сооронбай Жээнбековго жеңилип калган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылда бир шайланат.