Коронавирус дагы 99 кишиден аныкталды — жалпы 44 135 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-сентябрдагы брифингде коронавирустун жаңы 99 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 25инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 74үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 20;

Жалал-Абад облусу — 20;

Бишкек — 17;

Ысык-Көл облусу — 16;

Ош облусу — 11;

Чүй облусу — 3;

Талас облусу — 6;

Ош шаары — 2;

Нарын облусу — 4.

Ал эми акыркы суткада коронавирус жуккан бейтаптардын 279у айыкты. Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 134. Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 29, Чүй облусунда — 13, Ош шаарында — 8, Баткен облусунда — 42, Ош облусунда — 14, Талас облусунда — 11 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 135ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 647. Ал эми Чүй облусунда — 5 395, Ош облусунда — 4 141, Жалал-Абадда — 4 269, Ысык-Көлдө — 3 756, Ош шаарында — 3 403, Баткенде — 2 394, Нарын облусунда — 1 714 жана Талас облусунда — 1 416 учур катталды.

Ошондой эле 39 174 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 89 пайызы. Ооруканаларда 613 бейтап калууда. Инфекция жалпы 1060 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада медкызматкерлерден коронавирус аныкталган жок. Ал эми бир суткада 10 медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 136га жетти, анын ичинен 2 506 медкызматкер илдеттен айыкты.