Президент Сооронбай Жээнбеков «Жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди. Кеп Кыргызстандын жазык мыйзамдарына карата 148 түзөтүүдөн турган пакет жөнүндө болууда, аны болсо депутаттар 25-июнда эле кабыл алып коюшкан.
Анда депутаттардын ЖПКнын эки беренесиндеги эки пункту күчүн жоготту деп таануу тууралуу сунушу коомдук резонанс жараткан.
442-берене. Иш боюнча өндүрүштү жаңыртуунун негиздери
4. Жаңыдан ачылган жагдайлар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
3) ушул жазык ишин Кыргыз Республикасынын соту тарабынан кароодо адам укуктары жана эркиндиктери бузулгандыгын Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык органдардын белгилөөсү.
444-берене. Өндүрүштү кайра жаңылоонун мөөнөттөрү
4. Жаңы же кайтадан ачылган жагдайлар аныкталган күн болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
3) компетенциясы Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган эл аралык органдын адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин ченемдерин бузуу болгондугу жөнүндө чечими күчүнө кирген күн;
Бул пункттар эгер эл аралык уюмдар алардан айыпкердин эркиндиги жана укугу бузулганын табышса кылмыш иштерин кайра кароого мүмкүндүк берет.
Жээнбеков депутаттардын бул пункттарды алып салуу ар бир адамдын конституциялык укуктарын бузат деп эсептейт.
«Жогоруда көрсөтүлгөн түзөтүүлөрдү кабыл алуу мыйзамдарда тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен өзүнүн бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоого болгон ар бир адамдын конституциялык укуктарын, анын ичинде эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылуу укугун чектөөгө алып келиши мүмкүн, адам, анын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги эң жогорку баалуулук болуп саналган демократиялык мамлекетте буга жол берилбеши керек деп эсептейт», — деп жазган Жээнбеков.
Президентте бул пункттар боюнча каршы пикири жаралгандыктан мыйзам долбоору кайра парламентке кайтарылып, депутаттар аны кайра толуктап иштеп чыгышы керек болот.
Жогорку Кеңеште президенттин каршы пикирин тааныштыруу мыйзам долбоорун кароодо баяндамачы болгон ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жүктөлдү.
Буга чейин көптөгөн укук коргоочулар бул пункттарды ЖПКдан алып салуу айыпталуучулардын конституциялык укуктарын бузаарын жана алардын адилеттүүлүккө болгон жеткилигин чектеп коёт деп билдиришкен.
«Эгер мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда кыйноого жана адилетсиз сот териштирүүсүнө кабылган адам эл аралык инстанциялардын чечимдеринин негизинде өкүмдү кайра карап чыгууну талап кыла албай калат», — деп айтылат Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициясынын талдоосунда.
Алар мыйзамдарга түзөтүүлөр учурда бар маселелерди чечиши керектигин жана процесстин катышуучуларынын өз-ара аракеттенүүсүн оорлотуунун ордуна жеңилдетиши абзел деп белгилешет.
«Мыйзамдар, биринчи кезекте, ар жарандын эркиндиги менен укуктарын камсыздоого жана коргоого багытталган. Бирок түзөтүүлөрдүн маалыматтары бийликтин сот адилеттигин жана жарандарыбыздын укуктарын калыбына келтирүү колунан келбестигин күбөлөндүрүп турат», — деп белгилешет укук коргоочулар.
Укук коргоочулар эл аралык уюмдардын сунуштамалары менен чечимдери негизи эле Кыргызстанда эсепке алынбайт деп ойлошот.
«Жогорку сот укугу бузулуп жапа чеккен 3 адамдын арызын караган. Кайрылуунун үчөө тең БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин жыйынтыгы боюнча тийиштүү көңүл бөлүүсүз калтырылган», — деп жазышат алар.
Анын ичинде кеп өмүр бою эркинен ажыратылып, бирок 25-июлда каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралуу да болууда. Ал абакта 10 жыл отурган.
Кыргызстандын жана эл аралык укук коргоо уюмдары өлкө жетекчилигине Аскаровдун ишин кайра кароону жана ага чыгарылган өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгарууну суранып бир нече жолу кайрылышкан.
БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы өлкө бийлигинен укук коргоочу Азимжан Аскаровду токтоосуз бошотууну жана камактан чыгарууну талап кылышкан. Бирок талап аткарылган эмес.
Атамбаев жана Конституцияга өзгөртүү
Бул улуттук мыйзамдардан жарандарга Кыргызстан өзү мүчө болгон эл аралык уюмдарга кайрылуу менен укуктарын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берген жоболорду алып салуу аракети болуп аткан биринчи жолку эле прецедент эмес.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, жарандарга эл аралык уюмдарга кайрылууга мүмкүндүк берген укуктарына тиешелүү беренени өзгөрткөн. Кеп өлкө Конституциясынын 41-беренесинин 2-пункту тууралуу болууда, ал түзөтүүгө чейин төмөнкүдөй болгон.
«Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Аталган органдар тарабынан эркиндик жана укук бузулганы таанылса КР аларды калыбына келтирүү жана/же зыяндын ордун тургузуу боюнча чараларды көрөт».
Бул пунктан эгер ал аралык уюмдар адамдын ишинде укук бузуу болгонун тапса, адам укуктарын калыбына келтирүү боюнча кандайдыр бир чараларды көрө алат деп айтылган сүйлөмү алынып салынган.